Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
МИНИСТР КАРА-СУУНУН БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНЕ ЖАБДУУЛАРДЫ ТАПШЫРЫП, МУГАЛИМДЕРДИ СЫЙЛАДЫ

Көрүлдү: 325

Бүгүн, 15-октябрда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ош облусуна болгон иш-сапарынын алкагында Кара-Суу районунда мугалимдердин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

post.title

Министр Догдуркүл Кендирбаева 60 жыл мурда ЮНЕСКОнун чечими менен октябрдын биринчи жумасы мугалимдердин кесиптик майрамы катары белгиленгенин айтып, мугалимдерди майрамы менен куттуктады.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр Кара-Суу районундагы 6 мектепке компьютер, телевизор жана мектеп эмеректерине сертификаттарды тапшырды.

Тагыраагы:

  • М. Тешебаев атындагы №9 мектепке – 8 даана компьютер,
  • К. Зулпиев атындагы №55 мектепке – 5 даана компьютер,
  • С. Аристанбеков атындагы №47 мектепке – 5 даана компьютер,
  • Курманжан Датка атындагы №86 мектепке – 3 класс комплект эмерек жана 2 даана телевизор,
  • А. Эшматов атындагы №82 мектепке – 3 класс комплект эмерек,
  • А. Шеркулов атындагы №74 мектеп – 2 класс комплект эмерек.

Ошондой эле министр “Наристе-Нуру”, “Маданият-Бүчүр”, “Мөлтүр-Тамчы”, “Бумайрам эне” жана “Ак-Чөлмөк” бала бакчаларына телевизорго сертификат берди.

Мындан тышкары көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн бир катар мугалимге “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси жана Ардак грамотасы менен сыйлады.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Жантаев, Кара-Суу районунун акими Канат Табалдиев, мугалимдер, мектеп директорлору жана бала бакчалардын жетекчилери катышты.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар