Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
КЫРГЫЗСТАНДЫК СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ОКУУЧУЛАР ФИНАНСЫЛЫК КООПСУЗДУК БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРДЫ ЭЭЛЕШТИ

Көрүлдү: 630

2025-жылдын 29-сентябрынан 3-октябрына чейин Россиянын Красноярск шаарында 40 өлкөдөн 600дөн ашуун катышуучуну бириктирген Финансылык коопсуздук боюнча V Эл аралык олимпиаданын финалы болуп өттү.

post.title

Кыргыз Республикасын Мамлекеттик башкаруу академиясынын, КУУнун, КМТУнун, БМУнун, КРСУнун, КЭУнун студенттери, ошондой эле биринчи жолу финансылык коопсуздук боюнча Республикалык долбоордун жыйынтыгы боюнча тандалган төрт мектеп окуучусу катышты.

Олимпиаданын жыйынтыгында Кыргызстандык катышуучулар үч номинация боюнча байгелүү орундарды ээледи:

  • Эл аралык мамилелер – Азим Жумаков;
     
  • Экономикалык коопсуздук – Алиса Семенова;
     
  • Маалыматтык коопсуздук – Дмитрий Кошевой.
     

Мындан тышкары, Бишкек шаарындагы №1 мектептин окуучусу Руслан Байсалов КМШ өлкөлөрүнүн арасынан биринчи орунду ээледи жана ноутбук менен сыйланды.

Катышуучулар панелдик талкууларга, мастер-класстарга жана спорттук иш-чараларга катышышты. Алардын даярдыгы Финансылык коопсуздук боюнча эл аралык жайкы мектептин алкагында жүргүзүлгөн.

Олимпиаданын жыйынтыгында Мадагаскар Республикасынын өкүлдөрү менен финансылык коопсуздук жаатында билим берүү программалары боюнча кызматташуу макулдашылды.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар