Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
ОКУУ КИТЕПТЕРИНИН АВТОРЛОРУ ЖАНА ИШТЕП ЧЫГУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН КОНКУРС

Көрүлдү: 344

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте төмөнкү предметтер боюнча окуу китептеринин авторлорун жана иштеп чыгуучуларын тандоо боюнча ачык сынак жарыялайт:

post.title

* Кыргыз тили (эне тил жана экинчи тил катары)
* Тарых
*  География

Сынакка кимдер катыша алат:

• Мектептердин, жогорку окуу жайларынын жана колледждердин окутуучулары;
 • Педагогика, филология, тарых жана география боюнча методисттер, изилдөөчүлөр жана адистер;
 • Окуу китептерин жана окуу-усулдук материалдарын иштеп чыгууда тажрыйбасы бар авторлор;
 • Инновациялык ой жүгүрткөн жана окутуунун заманбап усулдарын колдонгон жаш педагогдор.

Керектүү документтер:

  • Паспорттун көчүрмөсү (сүрөт жана маалыматтар бир бетке жазылышы керек);
  • Билими, педагогикалык жана кесипкөйлүк тажрыйбасы жазылган резюме (CV);
  • Квалификациясын тастыктаган диплом жана сертификаттардын көчүрмөлөрү;
  • Мурда иштеп чыккан окуу-усулдук материалдардын үлгүлөрү (эгер болсо);
  • Заманбап окуу китептерин иштеп чыгуу жана долбоор боюнча жеке көз карашы тууралуу кыска видео (5 мүнөттөн ашпашы керек).

Конкурс мектеп окуу китептерин жаңыртуу жана 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында өткөрүлөт.

Сынак 2025-жылдын 10-октябрынан 30-ноябрына чейин эки этапта — сырттан жана түз тандоо түрүндө өтөт.

Арыздар Google Форму https://forms.gle/Geeg4rrcpAevGfxSA аркылуу онлайн кабыл алынат.

https://kitepkura.edu.kg 

Ошондой эле арызды Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 257 дарегиндеги имараттын 202-каанасына тапшырса болот.

Кошумча маалымат үчүн байланыш:

Кыргыз тили (эне тил жана экинчи тил катары) - 0556 10 11 48, 

Тарых - 0553101150  ,

География - 0554101152.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар