Көрүлдү: 584
Бүгүн, 8-октябрда, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева балдар жазуучусу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаевди кабыл алды.
С. Рысбаев кенже курактагы балдарга арналган “Манас, Семетей, Сейтек” деген аталыштагы сыясы кургай элек китебин министрге белек кылды. Тараптар бул китепти мектептерде жана бала бакчаларда пайдалануу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Министр “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу доктринасын ишке ашырууда жана кыргыз мурасын жайылтууда аталган китептин мааниси зор экенин белгиледи.