Көрүлдү: 583
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестке (ЖРТ) каттоо 15-октябрдан башталат.
Каттоо Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун электрондук платформасында райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу 30-октябрга чейин онлайн жүргүзүлөт.
Кабыл алуу жогорку окуу жайлардын контракттык окутуу формасына гана жүргүзүлөт. ЖРТга (кышкы кабыл алуу үчүн) орто жалпы билими жөнүндөгү аттестаты же орто кесиптик билими жөнүндөгү диплому бар жарандар гана катыша алышат.
Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жашаган жарандар тестке бир күн калганда каттоодон өтүшү зарыл.
Каттоо боюнча нускаманы жана видеороликти https://testing.kg/videolessons сайтынан көрүүгө болот.
Кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТ болжол менен 2025-жылдын 20-23-ноябрында өткөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына өтүү үчүн ЖРТнын негизги тестин жана мамлекеттик тил боюнча тестти тапшыруу керек.
📞 Маалымат үчүн байланыштар:
0312 66-48-38
0550 66-48-38
0502 66 48 38