Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ “АРАБАЕВ – ЖЕТИ КҮН” СПЕКТАКЛИН КӨРҮШТҮ

Көрүлдү: 379

2025-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин чакыруусу менен “Арабаев – Жети күн” спектаклин көрүштү.

post.title

Алгач Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын директору Акылбек Алыбаев Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеваны театрдын капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки абалы менен тааныштырды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев спектакль тууралуу мындай деди:

‘Арабаев – Жети күн’ спектаклин көргөндөн кийин эле Агартуу министрлигинин кызматкерлери да сөзсүз көрүшү керек деп чечтик. Себеби бул чыгарма сиздердин жүрөгүңүздөрдөн орун алат деп ойлодук. Балдарыбызды театрга алып барып көндүрүшүбүз керек, анткени тарбия берүүдө театрдын орду чоң. Кыргызстандын жаранын тарбиялоо — баарыбыздын жалпы максатыбыз”.

Өз кезегинде Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева театрга кирүү жана чыгуу маданияты өзүнчө бир тарбиялык көрүнүш экенин баса белгилеп, аны өркүндөтүү зарылдыгын айтты.

“Арабаев – Жети күн” спектаклинин режиссёру — Н. Мендебаиров, авторлору — Т. Токтомуратов, Т. Сыдыкбек жана Н. Рыскул кызы.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар