Көрүлдү: 700
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 4-октябрда, баш калаабызда жайгашкан Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болуп өткөн аземде сүйлөп жатып, Кыргыз Республикасында 12 жылдык билим берүүгө өтүү оңой болбогонун билдирди.
“Биз Кыргызстандын билим берүү системасы дүйнөлүк билим берүү стандарттарына шайкеш келиши, ар бир кыргызстандык бала эмгек рыногунун талаптарына жооп бериши, келечекте ийгиликтүү болушу үчүн аракет кылдык. Бизди бир гана тилек бириктирди. Бул – Кыргызстанды өнүктүрө турган балдардын келечеги”, – деди ал.