Көрүлдү: 752
Бүгүн, 24-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Улуттук аккредитациялык кеңештин (УАК) жаңы курамынын биринчи отуруму болду. Иш-чарага агартуу министринин орун басары, Улуттук аккредитациялык кеңештин төрагасы Альберт Махметкулов катышты.
Жыйында аккредитациялык агенттиктердин ишине мыйзам чегинде мониторинг жүргүзүү маселеси талкууланды. Ошондой эле УАКтын 2025-жылдын сентябрь-декабрь айларына иш планы бекитилип, аккредитация жаатындагы ченемдик укуктук актыларга бюрократиядан арылтуу талаптарын эске алуу менен өзгөртүүлөрдү киргизүү чечими кабыл алынды.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Улуттук аккредитациялык кеңеш 2025-жылдын 18-июнунда төмөнкү агенттиктерге кетирген кемчиликтери үчүн эскертүү берүү жөнүндө чечим кабыл алган:
- «Билим Стандарт» көз карандысыз аккредитациялоо агенттиги;
- «Сапаттуу билим» билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо агенттиги;
- «Рейтингди жана сапатты аккредитациялоо агенттиги» мекемеси;
- «Эл баасы» аккредитациялык агенттиги.
Агартуу министрлигинин аккредициялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Акулованын айтымында, жогоруда аталган агенттиктердин кемчиликтерди жоюшуна кайрадан мониторинг жүргүзүлөт.