Көрүлдү: 543
2025-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редакторунун орун басары Керим Айдаровду кабыл алды.
К. Айдаров азыркы учурда кенже курактагы балдар үчүн кыргыз тилинде бир жарым мүнөттүк мультфильмдерди тартып жатышканын маалымдады. Ошондой эле ал кыргыз тилиндеги мультфильмдер өтө аз экенин айтып, бул эмгектерди Кыргызстандын бала бакчаларында көрсөтүүнү сунуштады.
Министр кыргыз тилиндеги мультфильмдерди жаратуу абдан маанилүү экенин баса белгилеп, ар бир тема Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун негизинде чагылдырылышы зарылдыгын кошумчалады.
Анын айтымында, балдар ырдоо, аткаруу жана сүрөт тартуу аркылуу ой жүгүртүүсүн калыптандырат. Баланын өсүшүндө үч негизги нерсе: ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, тыбышты так айтуу жана сөз байлыгын кеңейтүү өзөктүү орунду ээлейт. Бул үчөө туура калыптанса, бала билим алууда кыйналбайт.
Жолугушуунун соңунда министр кенже курактагы балдар үчүн кыргыз тилинде “Билим булагы” аттуу мультфильмдер сериясын тартуу демилгесин колдой турганын билдирди.