Көрүлдү: 678
Ардактуу замандаштар, кымбаттуу достор!
Сиздерди 23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайбыз! Эгемен өлкөбүздүн мамлекеттик атрибуттарынын бири болуп саналган мамлекеттик тили – кыргыз тили Жер шарындагы миллиондогон калк сүйлөгөн тил катары салмагын жоготпой, кунарын качырбай, Кыргыз дөөлөтүнө кылымдар бою кызмат кыла беришине тилектешпиз!
Кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраев жазгандай:
“...Кылым сүрүп кыргыз тили,
Кызгалдактай гүлдөсүн!
Жайып тамыр-бутактарын,
Жаш арчадай бүрдөсүн!
Ишкананы кенен ээлеп,
Иш кагазда сайрасын!
Көчөлөрдө эркин басып,
Көрнөктөрдө жайнасын!
Бакчалардан байыр алып,
Окуу жайда окулсун!
Тоолуктардын өз тилинде
Токтомдору токулсун!
Телеграф, телефондор
Сүйлөп турсун кыргызча.
Ата Журттун эне тили
Аралашсын турмушка!
Желбиреген желегиндей
Жетсин колу жылдызга!