Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
БИШКЕК ШААРЫНЫН МЕКТЕПТЕРИН ПЕДАГОГИКАЛЫК КАДРЛАР МЕНЕН БЕШ ЖОЖ КАМСЫЗ КЫЛАТ

Көрүлдү: 555

2025-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти менен бир катар жогорку окуу жайлардын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

post.title

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, вице-мэр Виктория Мозгачева, Бишкек шаарынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева жана жогорку окуу жайлардын ректорлору катышты.

Макулдашуу педагогикалык кадрларды даярдаган төмөнкү жогорку окуу жайлар менен түзүлдү: Б. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети жана Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институту.

Документтин негизги максаты — борбор калаанын мектептерин кадрдык потенциал менен бекемдөө, мугалимдерди даярдоонун сапатын жогорулатуу жана жаш адистерди колдоо.

Кызматташуунун негизги багыттары: дуалдык билим берүү методу аркылуу Бишкек шаарындагы мектептер үчүн педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо, студенттердин педагогикалык практикасын жана стажировкаларын уюштуруу;

бүтүрүүчүлөрдүн борбор калаанын мектептерине ишке орношуусуна көмөктөшүү;

мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча программаларды биргелешип иштеп чыгуу;

педагогикалык адистиктерге максаттуу буйрутма берүү жана мектептерди кадрлар менен камсыздоо боюнча координациялык кеңеш түзүү.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билим берүү тармагындагы эң чоң жүк Бишкек шаарына туура келерин белгилеп, бул маселени чечүү үчүн борбордогу ЖОЖдордун жогорку курстагы студенттерин ишке тартуу зарыл экенин белгиледи.

«Президент Садыр Жапаров “Жаш мугалимдин депозитин” ипотекага айландыруу демилгесин көтөрдү. Эгер мамлекет 15–20 жыл кошумча төлөмдөрдү жүргүзсө, бул мугалимдердин келишим шарттарын кыйла жакшыртат», – деди министр.

ЖОЖдор, Агартуу министрлиги жана Бишкек шаарынын Билим берүү департаменти жыл сайын жыйынтыктарды мониторингден өткөрүп, аналитикалык маалыматтарды алмашып, заманбап стандарттарга жана санариптик технологияларга ылайык педагогдорду даярдоо программаларын өркүндөтүү боюнча макулдашышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар