Көрүлдү: 527
Бүгүн, 18-сентябрда, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева белгиленген графикке ылайык бир нече жаранды кабыл алды.
Жарандардын кайрылууларынын мазмунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо, муктаж болгон айылдарда жаңы мектептерди куруу, кошумча объекттерди мектептердин курулушунун сметасына киргизүү, абалы начар мектептерди капиталдык оңдоо, балдарды мектепке кабыл алуу, окуучуларды башка мектепке же башка класска которуу, мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу сыяктуу маселелер түздү.
Министр ар бир жаранды кунт коюп угуп, тиешелүүлүгүнө жараша министрликтин түзүмдүк бөлүктөрүнө тапшырмаларды берди.
Эске сала кетсек, министр жана анын орун басарлары бекитилген графикке ылайык ар аптада иш күндөрү жарандарды кабыл алышат.
Агартуу министрлигинин коомдук кабылдамасынын телефон номери: +996 (312) 62-05-19.






