Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
«ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ» РЕСПУБЛИКАЛЫК КОНКУРСУНДА 118 ТАЛАПКЕР ТАЙМАШАТ

Көрүлдү: 646

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан жыл сайын «Жылдын мыкты мугалими» республикалык конкурсу өткөрүлүп келет. Конкурс билим берүү программаларын жаңылоо боюнча мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын педагогикaлык курамынын чыгармачылык ишин өнүктүрүүгө, билим берүү процессин уюштурууда жаңы технологияларды колдоого, педагогикалык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, коомдо билим берүүнүн артыкчылыктарын бекитүүгө багытталган.

post.title

Аталган конкурс жалпы билим берүү уюмдарында иштеген Кыргызстандын бардык облустарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан келген мугалимдердин арасында өткөрүлөт. Анда 18 номинация боюнча 118 мугалим күч сынашат.

Белгилей кетсек, конкурстун финалдык этабы 2025-жылдын 22-24-сентябрында Бишкек шаарында өтөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар