Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ МЕКТЕПТЕРДИ ЖАҢЫ МУУНДАГЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУДА

Көрүлдү: 529

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жалпы билим берүү уюмдарын жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу боюнча масштабдуу ишти улантууда. Бул максатка мамлекеттик бюджеттен 744 млн сом бөлүнгөн. Бөлүнгөн каражаттын эсебинен 1, 2, 5, 7-класстар үчүн “Математика” жана “Табият таануу. Мен жана дүйнө” предметтери боюнча жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстер даярдалууда. Окуу-методикалык комплекс окуу китебинен, иш дептеринен жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмодон турат.

post.title

Быйыл 1, 2, 5, 7-класстар үчүн “Математика” жана “Табият таануу. Мен жана дүйнө” предметтери боюнча 2 780 020 нускада жаңы окуу-методикалык комплекстер басылып чыгат. Ушул тапта “Учкун” ААКнын басмаканасында 1-класстар үчүн “Математика” предмети боюнча жаңы окуу-методикалык комплекс 295 880 нускада басылууда. Басылып чыккан китептердин алгачкы партиясы (57 970 нуска) Бишкек шаарындагы мектептерге жеткирилет. 

Жаңы муундагы “Математика” окуу-методикалык комплекстеринин өзгөчөлүктөрү

Жаңы муундагы “Математика” окуу-методикалык комплекстери жаңыланган мамлекеттик предметтик стандарттарга ылайык иштелип чыккан. Алар башталгыч класстардын окуучуларында математикалык билимдин бекем пайдубалын түзүүгө багытталган. Окуу китептерин жана иш дептерлерин даярдоодо балдардын жаш курактык өзгөчөлүктөрү эске алынган.

Китептер төмөнкүдөй жаңычылдыктар менен айырмаланат:
Практикага негизделген ыкма – тапшырмалар күнүмдүк турмуштук жагдайлар менен байланышкан, бул математика билимин жашоодо колдонууга өбөлгө түзөт.

Кадам-кадам менен үйрөтүү – темалар жөнөкөйдөн татаалга карай ырааттуу берилип, логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган.

Иллюстрациялык материал – түстүү схемалар, сүрөттөр жана моделдер окутуу процессин көрсөтмөлүү кылып, жеткиликтүү түшүндүрөт.

Интерактивдүү тапшырмалар – көнүгүүлөр жуптук жана топтук ишке ылайыкталып, кызматташуу көндүмдөрүн өрчүтүүгө көмөктөшөт.

Методикалык коштоо – мугалимдер үчүн методикалык колдонмолордо сабак өтүүнүн сунуштары, оюн ыкмаларын жана санариптик ресурстарды пайдалануу жолдору берилген.

Мындан тышкары, китептерди адаптациялоодо эки тилдүү билим берүү чөйрөсүнүн өзгөчөлүктөрү, улуттук контекст жана башталгыч мектепте математиканы окутуунун заманбап ыкмалары эске алынган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар