Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
Л. САМЫКБАЕВА: ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ДҮЙНӨДӨ ЭВОЛЮЦИЯ ЖАСООДО

Көрүлдү: 580

Бүгүн, 15-сентябрда, Ысык-Көлдө өтүп жаткан «Жаңылыктын жарчысы» педагогикалык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын агартуу министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева билим берүүдөгү автоматташтырылган маалыматтык системалар  жана жасалма интеллекти билим берүүдө пайдалануу тууралуу айтып берди.

post.title

“Жасалма интеллект дүйнө жүзүндө эволюция жасап келүүдө. Өз учурунда электр энергиясынын пайда болушу кандай чоң өзгөрүү алып келсе, бүгүнкү күндө жасалма интеллекттин өнүгүшү да ошондой мааниге ээ. Форумдун алкагында жасалма интеллект менен кантип иштешүү керектиги боюнча практикалык талкуулар да өтөт”, - деди Л. Самыкбаева. 

Ошондой эле ал директорлордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары «Күндөлүк» автоматташтырылган маалыматтык системасынын инфраструктура бөлүгүндө мектептин ашканасы, таза суу, санитардык шарттар жана башка керектүү маалыматтар толук чагылдырылышы зарылдыгын белгилеп өттү. 

Иш-чарага катышкан Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын (WFP) жетекчиси Джунёль Ли  Кыргызстандыктарды 12 жылдык мектептик билим берүү программасына өтүүсү менен куттуктады.

“Бул өзгөрүү — Кыргызстан үчүн чоң кадам. Бул процессте окуучуларды, мугалимдерди жана жамааттарды жетектөөдө сиздердин лидерлигиңиздер абдан маанилүү болот. Акыркы 13 жыл ичинде WFP Өкмөт жана өлкө боюнча мектептер менен тыгыз кызматташып, балдарга күн сайын ысык тамак берүү аркылуу алардын жакшы окуусуна жана ден соолукта өсүшүнө көмөк көрсөтүп келет. Сиздердин колдооңуздар болбосо, биз максатыбызга жетмек эмеспиз. Биз бул жолдо колдоо көрсөтүүнү улантууга даярбыз”, — деди Джунёль Ли.

Форумдун жүрүшүндө Азык-түлүк программасынын адиси Аида  Афтандилова «Кыргыз Республикасында мектептик тамактанууну оптималдаштыруу» темасында презентация жасады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар