Көрүлдү: 526
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан жыл сайын «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурсу өткөрүлүп келет.
Конкурс педагогикалык кызматкерлердин чыгармачылык ишин өнүктүрүүгө, окуу процессин уюштурууда жаңы технологияларды колдоого, кесиптик чеберчилигин жогорулатууга жана билим берүүнүн артыкчылыктуу багыттарын бекемдөөгө багытталган.
Аталган конкурс мектепке чейинки билим берүү уюмдарында иштеген Кыргызстандын бардык облустарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан келген өкүлдөрдүн арасында өткөрүлөт. Конкурс төрт категорияны камтыйт: тарбиячылар, методисттер, мамлекеттик тил мугалимдери жа музыкалык жетекчилер.
Конкурстун финалдык этабына катышууга талапкерлерге сунуштама Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 703 токтому менен бекитилген «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун 5-главасынын 13-пунктуна ылайык, конкурстун 3-этабынын Уюштуруу комитети тарабынан жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, конкурстун финалдык этабы 2025-жылдын 22-24-сентябрында Бишкек шаарында өтөт жана анда 26 педагог ат салышат.
Агартуу министрлиги бардык талапкерлерге ийгилик каалайт!