Көрүлдү: 574
2025-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын баалоо системасынын Концепциясынын долбоорун кеңири талкуулоо үчүн тегерек стол уюштурду.
Иш-чарага Бишкек шаарынын бала-бакча жана мектептердин жетекчилери (усулчулары), Кыргыз билим берүү академиясынын жана Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун адистери, ошондой эле педагогикалык коомчулуктун өкүлдөрү, билим берүү тармагынын эксперттери катышты.
Жалпы билим берүү уюмдарынын баалоо системасынын Концепциясынын долбоору Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан иштелип чыгып, тегерек столдо талкууга сунушталды.
Агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова тегерек столдун катышуучулары менен баарлашып, азыр иштелип жаткан Концепцияны заманбап билим берүү системасында баалоо системасын түзүүнүн негизги ыкмаларын жана принциптерин аныктаган стратегиялык документ катары белгиледи.
«Жаңы Концепция билим берүүнүн сапатын баалоого системалуу мамиле жасоону камсыздашы керек. Бул өзгөчө маанилүү, анткени учурда жалпы билим берүүнүн мазмунун жаңылоого багытталган комплекстүү реформалар жүрүп жатат жана мектеп билим берүүсү 12 жылдык форматка өтүүдө», – деп белгиледи Н. Джусупбекова.
Концепциянын негизги максаттары:
Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин директору Бактыгул Шамшидинованын айтымында, мектеп билим берүүсүндө баалоо системасынын Концепциясын иштеп чыгуу өлкөдө жүргүзүлүп жаткан жалпы билим берүүнүн мазмунун реформалоо процесси менен тыгыз байланышта болуп, 12 жылдык билим берүү форматына ийгиликтүү өтүүдө маанилүү роль ойнойт. Концепцияны кабыл алуу, билим берүүнүн сапатын баалоого системалуу мамиле түзүүнүн зарылдыгы менен шартталып, билим берүү системасын реформалоонун артыкчылыктуу шарттарынын бири катары каралат.
Билим берүүдөгү баалоо системасы боюнча эксперт Миргүл Эсенгулова баалоо маданиятын эске алуунун маанилүүлүгүн белгилеп, ал Концепциянын долбоорунда чагылдырылышы керектигин баса белгиледи. Ошондой эле, мониторинг философиясынын түшүнүгүн өзүнчө пункт катары ачып берүү зарылдыгын жана “баа”, “баалоо” жана “белги” түшүнүктөрүн так аныктап берүү керектигин айтты.
Тегерек столдун катышуучулары өлкөдө натыйжалуу баалоо системасын түзүү мектептик билим берүүнү ийгиликтүү трансформациялоонун негизги милдеттеринин бири жана 21-кылымдын талаптарына жооп берген сапатка жетишүүнүн эң маанилүү шарты экендигин белгилешти.