Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ ЭСКЕРТЕТ: АР КАНДАЙ МЫЙЗАМСЫЗ АКЧА ЧОГУЛТУУЛАРГА КЕСКИН ТЫЮУ САЛЫНАТ

Көрүлдү: 801

Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана башка кызматкерлери, ата-энелер, коомдук фонддордун жана башка уюмдардын жетекчилери, ошондой эле башка адамдар тарабынан ар кандай мыйзамсыз акча чогултууга жана мажбурлап каражат алууга катуу тыюу салынарын белгилейбиз.

post.title

Бул талапты бузган адамдар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат. Эгерде мындай фактылар аныкталса, ата-энелер жана окуучулардын мыйзамдуу өкүлдөрү дароо тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылууга милдеттүү.

Бул тыюу төмөнкү документтер менен белгиленген:

- Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси,

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 26-майындагы ПЖ №136 «Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу чаралары жөнүндө» Жарлыгы,

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 1-июнундагы №3363/1 «Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга тыюу салуу жөнүндө» буйругу.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар