Көрүлдү: 513
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ваккер атындагы мектепте Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында критерийлик баалоо боюнча жыйынтыктоочу семинар-практикум болуп өттү. Иш-чарага райондун пилоттук мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери жана баалоо боюнча адистер катышышты.
Семинардын негизги максаты — 2024–2025-окуу жылынын III–IV чейректеринде өткөрүлгөн критерийлик баалоонун куралдары менен методологиясын апробациялоонун жыйынтыктарын чыгаруу, жетишкендиктери менен кыйынчылыктарын талкуулоо жана аларды практикага киргизүүнүн кийинки кадамдарын аныктоо болду. Катышуучулар жаңы муундагы тапшырмаларды иштеп чыгуу боюнча практикалык тажрыйба топтоп, окуучулардын билим алуу натыйжаларын ар кандай деңгээлде өлчөө мүмкүнчүлүгүн үйрөнүштү. Ошондой эле мугалимдердин кесиптик өсүүсүнүн жекече пландарын түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Критерийлик баалоону киргизүү билим берүү тармагындагы реформалардын негизги багыттарынын бири болуп эсептелет. Ал бааларды коюуда ачык-айкындуулукту жана объективдүүлүктү камсыз кылат, ар бир окуучунун жетишкендиктерин байкоого шарт түзөт, окутуунун сапатын жогорулатат жана билим берүү системасын эл аралык стандарттарга жакындатат.
Семинардын жыйынтыгында мугалимдер заманбап баалоо ыкмаларын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сертификаттар менен сыйланышты. Бул иш-чара башталгыч класстардын мугалимдеринин потенциалын чыңдоодо жана Кыргызстанда критерийлик баалоо маданиятын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, анын жыйынтыктары өлкөдө билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана практиканы кеңири жайылтууга өбөлгө болот.