Көрүлдү: 483
2025-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак мектепке барды.
Иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жана финансы министри Алмаз Бакетаев катышты.
А. Касымалиев окуу корпустарын, спорт жана жыйын залдарын ж.б. жайларды көрүп, абалы менен таанышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы жаңы заманбап жатак мектептин курулушу боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды. Ал жаңы окуу жай бардык зарыл талаптарга жооп бериши керектигин белгиледи.
МинКаб башчысы ошондой эле жакынкы аралыкта окуу процесси үчүн зарыл болгон атайын жабдууларды (тилкелүү такталар, көрүү жана рельефтүү беттер, 3D-карталар, акылдуу көз айнектер жана таяктар ж.б.) окуучулардын ден соолугунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен сатып алууну тапшырды.