Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
АЛА-БУКАДА ДАГЫ 100ДӨН АШЫК БАЛА КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ БАКЧАГА ТАРТЫЛДЫ

Көрүлдү: 437

2-сентярда Ала-Бука районунун Ынтымак айыл аймагындагы Р. Исаков жалпы билим берүүчү мектебинин (2 тайпа) жана Чоң-Сай башталгыч мектебинин базасында (1 тайпа) кыска мөөнөттүү бала бакча тайпалары ачылды. 3 тайпа жалпы 107 баланы кабыл алды.

post.title

Мектепке чейинки билим берүү мекемеси Агартуу министрлиги ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долборунун алкагында түзүлдү. Долбоор сунушталган имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, санитардык-гигиеналык шарттарды түздү. Мындан сырткары бакча үчүн керектүү болгон эмерек, килем, өнүктүрүүчү куралдар, оюнчуктар, китептер, колдонмолор жана балдар аянтчасын жеткирилип, орнотулду.
Бакчанын ачылуу аземине жергиликтүү бийлик жетекчилери, депутаттар, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Белгилей кетсек, Агартуу министрлигинин «Келечек үчүн билим берүү» долборунун алкагында Ала-Бука районунда кыска мөөнөттүү 12 бала бакча ачуу пландалган. Анын 10у ачылып, мында 500дөй бала тарбияланууда. Калган эки бакчада да ремонт иштери толук аяктады. Жакынкы убакта алар да ачылат.

«Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорунун алкагында кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлүп жатат. Алар аркылуу 20 миңден 40 миңге чейинки (3-5 жаштагы) бала мектепке чейинки билим алууга тартылат. Бул бакчаларда билим алуу акысыз.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар