Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
Д. КЕНДИРБАЕВА БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 590

Бүгүн, 5-сентябрда, Бишкек шаарынын № 13 мектебинде агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ленин районундагы мектеп директорлору жана алардын тарбия иштери боюнча орун басарлары менен жолугушту.

post.title

Жолугушууга Ленин райондук прокуратурасынын өкүлдөрү, Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын кайгуул кызматынын жана Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин өкүлдөрү да катышты.

Жолугушуунун максаты 2025-2026-окуу жылына карата мектептерде коопсуздукту камсыз кылуу, ата-энелер жана коомчулук менен кызматташтыкты күчөтүү, окуучулар арасында укук бузуулардын алдын алуу жана тарбиялык иштерди натыйжалуу жүргүзүү болду.

Жолугушууда министр Д. Кендирбаева: “Жаңы окуу жылынын башталышы ар бирибиз үчүн жоопкерчилик жүктөгөн мезгил. Эң башкысы бул балдардын коопсуздугу. Ар бир ата-эне, ар бир мугалим жана коомдун ар бир өкүлү биргеликте аракеттенишибиз зарыл. Балдарыбыздын базалык укуктарынын бири билим алууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу. Мындан тышкары, биз аларды ар кандай кооптуу кырдаалдардан коргоого жана аларга туура багыт берүүгө толук милдеттүүбүз”, деди министр.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар коопсуздук жана тарбиялык иштер боюнча мындан аркы кызматташуу багыттарын талкуулашты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар