Көрүлдү: 576
Бүгүн Бишкек шаарындагы жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана педагогдору үчүн педагогикалык форум болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин демилгеси менен уюштурулган бул форум жаңы мамлекеттик демилгелердин алкагында мектепке чейинки билим берүүнүн өнүгүүсү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоого арналган маанилүү аянтчага айланды. Иш-чаранын алкагында катышуучулар:
- мектепке чейинки билим берүү тармагындагы жаңыланган ченемдик укуктук базаны;
- ваучер системасын киргизүүнү, анын максатын жана аны ишке ашыруу механизмдерин;
- мектепке чейинки курактагы балдар үчүн билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыздоо максатында мамлекеттик жана жеке менчик бала бакчалардын өз ара кызматташуусунун келечегин талкуулашты.
Уюштуруучулардын айтымында, мындай форумдарды өткөрүү мамлекеттик түзүмдөр менен жеке сектордун ортосундагы конструктивдүү диалогду түзүүгө мүмкүндүк берип, акырында Бишкектеги мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө болот.
