Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
БАРДЫК ЗАРЫЛ БОЛГОН УСУЛДАР, ПРОГРАММАЛАР, СТАНДАРТТАР ЖАНА ОКУУ КИТЕПТЕРИ ИШТЕЛИП ЧЫГЫП, МЕКТЕПТЕРДЕ ИШКЕ КИРГИЗИЛҮҮДӨ

Көрүлдү: 576

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги мектептик билим берүүнү реформалоонун дарегине айтылган окуу жылынын башталышына карата методикалар, программалар жана окуу китептери жок экендиги тууралуу сын-пикирлерге жооп катары түшүндүрмө берүүнү зарыл деп эсептейт.

post.title

Концепция жана ченемдик база

12 жылдык билим берүү системасына өтүү мектептик билим берүүнүн абалын терең талдоого негизделген жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-октябрындагы № 654 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясында камтылган.

Концепцияга ылайык төмөнкү документтер иштелип чыгып, бекитилген:

Мамлекеттик билим берүү стандарты (КР МКнын 2025-жылдын 14-майындагы № 131 токтому);

11 жылдык жана 12 жылдык система үчүн базистик окуу пландары (КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 746/1 жана № 747/1 буйруктары;

Предметтик стандарттар (КР Агартуу министрлигинин 2025-жылдын 14-июлундагы № 834/1 жана 2025-жылдын 21-августундагы № 965/1 буйруктары);

12 жылдыкка өтө турган класстар (1,2, 5, 7-класстар) үчүн окуу программалары жана календардык-тематикалык пландар.

Бардык документтер Кыргыз билим берүү академиясынын сайтында жана “Санарип Кампа” платформасында ачык жеткиликтүү, анда методикалар, окуу программалары, календардык-техникалык план жана мугалимдер үчүн куралдар жайгаштырылган.

 

Окуу-методикалык комплекстер

2025-жылы окуу китептерин басып чыгарууга мамлекет тарабынан 744 млн сом бөлүндү, бул Кыргызстандын тарыхындагы рекорддук сумма. Бул каражаттарга 3 – 9-класстар үчүн англис тили боюнча окуу китептери басылып чыгып, мектептерге жеткирилди, ошондой эле 1 – 2 жана 5 – 7-класстар үчүн математика жана табигый илимдер боюнча окуу китептери басылып чыга баштады.

Россиялык жана сингапурдук өнөктөштөр менен биргеликте орус тили, орус адабияты жана STEM багыттары боюнча окуу-методикалык комплекстер адаптацияланды. Аларды мектептерге жеткирүү үстүбүздөгү жылдын октябрь айында башталат. Басылган китептерден тышкары, бардык окуу китептери http://kitep.edu.kg/ порталы аркылуу электрондук түрдө жеткиликтүү болуп, “Санарип Кампа” платформасына интеграцияланды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар