Көрүлдү: 544
2025-жылдын 29-августунан 4-сентябрына чейин Болгариянын Шумен шаарында IX Европа өспүрүмдөр информатика олимпиадасы (EJOI 2025) өттү. Олимпиадага 15 жашка чейинки окуучулар 24 өлкөдөн катышты – Армения, Азербайжан, Босния жана Герцеговина, Болгария, Хорватия, Кипр, Эстония, Франция, Грузия, Греция, Венгрия, Исландия, Казакстан, Кыргызстан, Литва, Молдова, Түндүк Македония, Польша, Румыния, Сауд Аравиясы, Сербия, Түркия, Украина, Улуу Британия.
Кыргызстандан бул олимпиадада 4 окуучу катышып, алардын үчөө коло медаль алды.
Коло медаль алган окуучулар:
- Эмирхан Сыдыкбаев, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу (Бишкек шаары);
- Актан Мавлянов, Intellect Pro мектебинин 9-классынын окуучусу (Бишкек шаары);
- Аруубек Баймырзаев, «Акылман» президенттик лицейинин 9-классынын окуучусу (Чолпон-Ата шаары).
Кыргызстан Эл аралык мектебинин 8-классынын окуучусу Абдувалиев Бектен (Ош шаары) катышуу сертификатын алды. Аны олимпиадага Мирбек Бакиров даярдаган.
Эмирхан Сыдыкбаев менен Актан Мавляновду олимпиадага Медербек Осмонов даярдаган. Аруубек Баймырзаевди болсо олимпиадага Медербек Осмонов менен Эрбол Жусупбеков даярдаган.
Команданын жетекчиси – Медербек Осмонов, ал эми анын жардамчысы – Мирбек Бакиров.