Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
МУГАЛИМДЕР КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫНЫН САЙТЫНА 1,9 МЛН ЖОЛУ КИРИШТИ

Көрүлдү: 450

Окуу жылы башталарына бир ай калганда педагогикалык кызматкерлер Кыргыз билим берүү академиясынын сайтына 1 871 407 жолу киришти. Академия жаңы окуу жылына карата мугалимдер үчүн 12 жылдык билим берүү системасында мектептеги окутуу процессин жөнгө салуучу ченемдик жана методикалык документтердин топтомун иштеп чыкты. Ачык жеткиликтүүлүктө мугалимдер төмөнкү материалдарды жүктөп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту:

post.title

 

1. Кыргыз Республикасында жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы №131 токтому менен бекитилген);

2. 11 жылдык билим берүү үчүн базистик окуу планы (окутуу кыргыз, орус, өзбек/тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн, ошондой эле дунган тили эне тили катары окутулган орус тилдүү мектептер үчүн эксперименттик план) (КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2025-жылдын 02-июлундагы №747/1 буйругу менен бекитилген);

3. 12 жылдык билим берүү үчүн базистик окуу планы (окутуу кыргыз, орус, өзбек/тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн, ошондой эле дунган тили эне тили катары окутулган орус тилдүү мектептер үчүн эксперименттик план) (КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2025-жылдын 02-июлундагы №746/1 буйругу менен бекитилген);

4. 1-6-класстар үчүн предметтик стандарттар (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 14, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 14, өзбек тили жана окуу, тажик тили жана окуу жана дунган тили боюнча) (КР Агартуу министрлигинин 2025-жылдын 14-июлундагы №834/1буйругу менен бекитилген );

5. 7-12-класстар үчүн предметтик стандарттар (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 16, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 16, өзбек тили, өзбек адабияты, тажик тили жана адабияты жана дунган тили боюнча) (КР Агартуу министрлигинин 2025-жылдын 21-августундагы №965/1 буйругу менен бекитилген);

6. 1-6-класстар үчүн окуу программалары (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 14, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 14, өзбек тили жана окуу, тажик тили жана окуу боюнча);

7. 7-12-класстар үчүн окуу программалары (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 16, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 16, өзбек тили, өзбек адабияты, тажик тили жана адабияты боюнча);

8. 1-, 2-, 5-, 7-класстар үчүн календардык - тематикалык пландар (окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 42, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 41);

9. 1-, 2-, 5-, 7 - класстардын БОПтогу бардык предметтери үчүн методикалык сунуштар (окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 18, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 17, бардыгы – 35).

10. 12 жылдык мектептик билим берүү системасынын 1-, 2-, 5-, 7-класстарынын окуу программаларынын өзгөчөлүктөрү боюнча презентациялар.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар