Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
МАМЛЕКЕТ МЕКТЕПТЕРДИ ЧАРБА ЖАНА КЕҢСЕ ТОВАРЛАРЫ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУДА

Көрүлдү: 454

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 26-майындагы ПЖ № 136 “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарына оңдоп-түзөөгө, кайтарууга жана зарыл болгон тиричилик предметтерин сатып алууга акча каражаттары милдеттүү түрдө мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт.

post.title

2025-жылы мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдары үчүн чарба жана кеңсе товарларын сатып алууга республикалык бюджеттен 205,5 млн сом, ал эми учурдагы оңдоого – 404,8 млн сом бөлүнгөн. Ошондой эле быйылкы жылы Бишкек шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинен борбордогу мектептер үчүн чарба жана кеңсе товарларын сатып алууга 59,7 млн сом бөлүнгөн. Бөлүнгөн каражаттар өз убагында жана белгиленген максаттарда өздөштүрүлүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар