Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
“АЛТЫН КАЗЫК” НОУТБУКТАРЫ МУГАЛИМДЕРГЕ ЖАКЫНДАН ЖАРДАМ БЕРҮҮДӨ

Көрүлдү: 821

Буга чейин кабарлангандай, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги биринчи жолу республиканын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын STEM багытындагы мугалимдерин “Алтын Казык” брендиндеги ноутбуктар менен камсыз кылууда. Ноутбук алган мугалимдердин айрымдары өз пикирлерин билдирип жатышат. Алардын бири – Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу К. Мамбеталиев атындагы мектептин информатика мугалими Бакытбек Айдаров мындай дейт: “Алтын Казык” ноутбугу иштөөгө абдан ыңгайлуу болуп жатат. Мен информатика мугалими болгондуктан, мага “STEM”, “SCHOOL 2030” долбоорлоруна ылайыктуу сабактарды, видео сабактарды жана презентацияларды даярдоодо абдан жеңил болду”. Ал эми математика мугалими Адинай Асранбекова: “Ноутбук көрктүү, жеңил жана сапаттуу жасалгандай көрүнөт. Бардык керектүү программалар орнотулуптур. Мугалимдерге кам көрүшкөнү абдан жагымдуу”, – дейт.

post.title

Белгилей кетсек, бул ноутбуктарды Каракол шаарындагы мугалимдер үч ай бою тесттик сыноодон өткөрүшкөн. Ноутбуктун өзгөчөлүгү – анда атайын лицензияланган программалар орнотулган, бул программалар өзүн автоматтык түрдө жаңыртып турат жана коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү менен камсыздалган. Мындан тышкары, ноутбукта мугалимдердин күнүмдүк ишине зарыл болгон методикалык колдонмолор жана керектүү программалар орнотулган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар