Көрүлдү: 568
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Башталгыч жалпы билим берүү программаларын ишке ашырган жеке менчик мектептерди лицензиялоону жөнөкөйлөтүү аркылуу билим алууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу» жана «Өкмөттүк акселераторлор жөнүндө» буйругун аткаруунун алкагында жеке менчик мектептерди лицензиялоо тартибин жеңилдетүү боюнча иш жүргүзүүдө.
Жаңы тартипке ылайык лицензия алууга арыздарды кароо мөөнөтү 30 күндүн ордуна 20 күнгө чейин кыскартылды. Лицензиялык кеңеш жоюлуп, лицензияга чейинки текшерүү алып салынды. Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги корутундуларды берүү мөөнөтүн кыскартуу боюнча иш алып барса, Санариптик өнүктүрүү министрлиги лицензиялоонун автоматташтырылган тутумун иштеп чыгууда.
Эми лицензиялык талаптарга туура келген бардык зарыл документтер бар болгон учурда лицензия алуу жөнөкөй жана тезирээк болот. Бул үчүн аймактык билим берүү органдарына же Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына кайрылууга болот. Адистер лицензия алуу боюнча кеңеш жана жардам көрсөтүшөт.
Агартуу министрлиги ишкерлерди, инвесторлорду жана жарандык коомду жеке менчик билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жигердүү катышууга чакырат.