Көрүлдү: 428
Бүгүн, 2-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери министр Догдуркүл Кендирбаеванын колунан Samsung фирмасынын акыркы үлгүдөгү планшеттерин алышты.
Д. Кендирбаеванын айтымында, бул кадам билим берүү системасын башкарууну санариптештирүү жана жетекчилердин ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында жасалды.
“Биздин негизги максатыбыз – кайда болбосун министрликтин жетекчилеринин ишин ыңгайлуу жана майнаптуу жүргүзүүгө шарт түзүү. Биздин кызматкерлерибиз чоң маалымат базасы менен иштешет, планшеттер алардын жумушун жеңилдетип, жаңы ийгиликтерди жаратууга өбөлгө түзөт”, – деди министр.
Кошумчалай кетсек, Агартуу министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө эмеректерди жана компьютердик техниканы жаңыртуу үчүн 60 млн сом бөлүнүп, сатып алуулар 2025-жылдын аягына чейин ишке ашырылат.