Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ АДЫЛБЕК КАСЫМАЛИЕВ КОЖОМКУЛ АЙЫЛЫНДАГЫ ЖАҢЫ МЕКТЕПТИ АЧТЫ

Көрүлдү: 376

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси – Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 1-сентябрда, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылындагы жаңы мектептин ачылышына катышты. А. Касымалиев өлкө башчысынын жана өзүнүн атынан салтанаттуу жыйындын катышуучуларын Билим күнү, жаңы окуу жылынын башталышы жана жаңы мектептүү болушу менен куттуктады. Министрлер Кабинетинин Төрагасы куттуктоо сөзүндө: “Билим күнү – ар бир үй-бүлөгө, ар бир балага, бүтүндөй мамлекетке тиешелүү майрам. Билим – жеке адамдын өнүгүшүнүн, коомдун бекем пайдубалынын жана өлкөнүн келечегинин негизги булагы”, – деп белгиледи.

post.title

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы үч күн мурун 101 социалдык объект ачылганын, бүгүн республика боюнча дагы 15ке жакын мектеп ачыларын маалымдады. 

Кожомкул айылында курулган 700 орундуу мектептин ачылышына өлкөнүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев да катышып, жергиликтүү тургундардын кубанычына ортоктош болушту. 


Айта кетсек, Кожомкул айылындагы жаңы мектептин имаратынын курулушу 2012-жылы эле башталган. Долбоордун жалпы наркы 210,6 млн сомду түзгөн. Курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланып, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын буйрутмасы менен жүргүзүлгөн.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар