Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АГАРТУУ МИНИСТРИ ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВАНЫН БИЛИМ КҮНҮНӨ КАРАТА КАЙРЫЛУУСУ

Көрүлдү: 954

Кымбаттуу мугалимдер, урматтуу ата-энелер, кымбаттуу окуучулар жана бардык мекендештер!

post.title

Сиздерди жаңы окуу жылынын башталышы – Билим күнү менен куттуктайм! Бул күн жөн гана сабактардын башталышын билдирбестен, Кыргызстандын билим берүү тарыхындагы жаңы баракты да билдирет. Бүгүн биз бүткүл билим берүү системасын жана анын негизги бөлүгүн масштабдуу трансформациялоонун башатында – 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнүн шарттарында биринчи окуу жылын тосуп жатабыз. Бул жыл өзгөчө – өзгөрүүлөрдүн, жаңылануунун жана өнүгүүгө умтулуунун жылы.   

Өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын 30 жылында биз биринчи жолу билим берүү тармагында системалуу жана масштабдуу реформаларга бардык. Ондогон жылдар бою Кыргызстанда окуу китептерин басып чыгаруу жаатында бирдиктүү саясат, туруктуу каржылоо болгон эмес. Окуу китептери чачыранды түрдө – жылына бир-эки аталыштан, көбүнчө эл аралык долбоорлордун эсебинен жарык көрүп келген. Башталгыч, орто же жогорку мектеп үчүн окуу китептеринин топтому бизде эч качан болгон эмес.   

Бүгүн абал өзгөрдү. Өлкөбүздүн Президентинин тапшырмасы менен биринчи жолу жаңы муундагы окуу китептерин массалык түрдө басып чыгарууга 744 млн сом бөлүндү. Биринчи жолу биз быйылкы жылдан тартып жаңыланган программалар жана жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты боюнча окуй турган 1-2 жана 5-7-класстар үчүн окуу китептеринин толук топтомдорун чыгарып жатабыз. 3-9-класстар үчүн англис тили боюнча окуу китептери чыкты, математика жана табигый илимдер боюнча окуу китептерин чыгаруу иши аяктап жатат. Үч жылдан кийин Кыргызстандын бардык окуучулары окуу китептери менен толук камсыз болушат.  

Бул китептер – улуттук продукт. Алар “Окуу китеби” басма үйүндө даярдалып, “Учкун” ачык акционердик коомунун басмаканасында басылууда. Ар бир комплект окуу китебин, иш дептерин жана мугалим үчүн методикалык колдонмону камтыйт. Ар бир бала материалдарды ыңгайлуу колдоно алышы үчүн басылып чыккан китептер электрондук версиялары менен толукталат. Бул биздин ушундай масштабдагы алгачкы тажрыйбабыз, биз чынчылдык менен моюнга алабыз: кыйынчылыктар болот, бирок биз аларды тез арада жоюуга даярбыз. 

Негизги өзгөрүүлөр

  • 1-сентябрдан тартып мектептерде окутуу жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты боюнча жүргүзүлөт.
  • 1-12-класстар үчүн предметтик стандарттар жана программалар жаңыланды.
  • Эгемендүүлүктүн тарыхында биринчи жолу өлкөнүн бардык мектептерине жаңы муундагы окуу китептери массалык түрдө жеткирилүүдө. 
  • Кыска мөөнөттө масштабдуу даярдыктар көрүлдү: он миңдеген педагогдор жаңы шарттарда ишенимдүү иштөө үчүн тренингдерден жана семинарлардан өтүштү.
  • Мугалимдерге методикалык санариптик колдоо көрсөтүлүп, алардын арасында 27 миңден ашуун “Алтын Казык” ноутбуктары бөлүштүрүлдү, дагы ушунча ноутбук башка мугалимдерге жыл ичинде берилет.
  • Мугалимдерге жана ата-энелерге окутуу процессин жакшыраак көзөмөлдөөгө жардам бере турган электрондук күндөлүктөр жана санариптик платформалар түзүлдү.
  • Өлкө боюнча мектептерди оңдоо жана куруу боюнча чоң иш жүргүзүлдү, окуу жылынын башталышына карата 63 жаңы мектеп жана 19 бала бакча пайдаланууга берилди, бул темп сакталат, дагы бир катар мектептер курулууда, мунун баары балдар коопсуз жана жагымдуу шарттарда окушу үчүн жасалууда. 

Негизги жыйынтыктар

  • Мамлекет ар бир баланын өнүгүүсүнө шарт түзүү үчүн биринчи жолу окуу китептерине, санариптештирүүгө жана кадрларды даярдоого болуп көрбөгөндөй каражат бөлүп берди. 
  • 90 миңден ашуун мугалим кайра даярдоонун жана окутуунун эсебинен кесиптик жаңылоонун катышуучусу болуп калды, бүгүн алар формалдуу көрсөткүчтөргө эмес, баланын жыйынтыгына багытталган жаңы методикаларды колдонууга даяр.
  • Мектептер окуу-методикалык материалдар менен камсыз болушту, ал эми ата-энелер өз балдарынын жөндөмүн ачууга жардам берип, билим берүү процессине катышуу мүмкүнчүлүгүн алып жатышат.

Урматтуу мугалимдер, кымбаттуу кесиптештер!
 

Сиздер реформалардын ийгилигинин башкы гарантысыздар. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, чыдамкайлыгыңыздар жана балдарга карата сүйүүңүздөр мына ушул өзгөрүүлөрдүн канчалык сапаттуу ишке ашырыларын аныктайт. Мамлекет өзүнүн ишин жасады: стандарттар, окуу китептери, программалар жана финансылар менен камсыздап берди. Мамлекет башчысы билдиргендей, жаңы жылдан тартып базалык билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулашы күтүлүүдө. Эми булардын баары сиздердин ар күндүк эмгегиңиздердин аркасында гана мааниге ээ болот.

Эмгегиңиздер жана ишке берилгендигиңиздер үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөргө, балдарга болгон сүйүүңүздөргө жана аларды келечекке жетелеп барууга даяр экениңиздерге ишенем.

Урматтуу ата-энелер!

Биз сиздердин тынчсызданууңуздарды түшүнөбүз. Мен өзүм да мугалим болуп, тамтыгы чыккан, эскирген окуу китептери менен окуткам, а кээде окуу китептерисиз эле сабак өтчүмүн. Бирок азыр абал өзгөрүп жатат. Биз сиздерден сабырдуулукту жана колдоону суранабыз. Окуу китептери күнү-түнү басылып жатат, жакын арада алар мектептерге жеткирилет. Азыр мамлекеттик мектептердин дагы, жеке менчик мектептердин дагы ата-энелери “Электрондук күндөлүккө” жана санариптик окуу китептерине бирдей жете алышат. Биздин күч-аракеттерибиз ар бир бала сапаттуу – үй-бүлө үчүн акысыз жана ашыкча чыгымдарсыз билим алышына багытталган. 

Бүгүн алдыбызда дагы бир маанилүү милдет – жаңы мектептерди куруу милдети турат. Демографиялык өсүш жана ички миграция баш калаанын мектептеринин жана облустук мектептердин ашыкча жүктөлүшүнө алып келди. Соңку жылдары активдүү курулуш башталганы үчүн Министрлер Кабинетине ыраазычылык билдиребиз, бирок айрыкча Бишкек, Ош, Жалал-Абад тез чечимдерге муктаж болуп турганын өзгөчө баса белгилеп кетким келет.   

Агартуу министрлиги мэрияны жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигин жаңы турак-жай комплекстерин куруп жатканда мектептер менен бала бакчалардын курулушун камтый кетүүгө чакырат. Жаңы имараттарды курууга мүмкүн болбогон жерлерде иштеп жаткан мектептерге кошумча корпустарды куруу керек. Ушинтип гана биз ашыкча толгон класстардын көйгөйүнөн качып кутула алабыз.

Кымбаттуу мекендештер!

Бүгүн биз так борборунда окуучу жана анын сапаттуу өнүгүүсү турган билим берүү системасын чогуу куруп жатабыз. Биздин бардык күч-аракеттерибиз жана жасаган иштерибиз ушуга багытталган.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1,5 миллиондон ашуун мектеп окуучулары окуп жатышат. Мугалимдер, мамлекет, коом – баарыбыз балдардын келечеги үчүн жоопкерчилик тартабыз. 30 жылда билим берүү системасы көптөгөн чечилбеген көйгөйлөрдү топтоду, албетте, бир жылда керемет болуп кетиши мүмкүн эмес. Бирок эң башкысы бизде өлкөнүн жогорку жетекчилигинин колдоосу, ачык-айкын саясат, туруктуу каржылоо жана кесипкөйлөрдүн командасы бар. Билим берүү кызматтарын жакшыртуу боюнча бул жаратман иш балдарга багытталган.

Эгерде биз – мамлекет, мугалим, ата-эне жана коомчулук – бирге болсок, анда бул маселелерди чече алабыз. Анткени бизди бир нерсе: балдарыбызга болгон сүйүү жана Кыргызстандын жаркын келечегине умтулуу бириктирет. 

Кымбаттуу окуучулар, урматтуу педагогдор жана ата-энелер!

Жаңы окуу жылыңыздар менен куттуктайм! Ылайым ал сиздер үчүн билимдин, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жана чоң жетишкендиктердин жылы болуп калсын!

Урматтоо менен,
 

Догдуркүл Кендирбаева,
Кыргыз Республикасынын агартуу министри

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар