Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
КАРА-КӨЛ ШААРЫНЫН МУГАЛИМДЕРИНЕ ЖАҢЫ НОУТБУКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Көрүлдү: 512

Бүгүн, 28-августта, Кара-Көл шаарында билим берүү тармагынын кызматкерлеринин август педагогикалык кеңешмеси болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э. Байсалов, Кара-Көл шаарынын мэри Н. Орозбаев, Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы Ч. Кимсанов жана билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мугалимдер, тарбиячылар катышты.

post.title

Кеңешменин катышуучуларына шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кыргызбай кызы Гүлназира 2024-2025-окуу жылындагы жетишкендиктер тууралуу маалымат берди. Ал эми Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук кабинетинин жетекчиси Т. Орозова 12 жылдык билим берүүдө инсанга багыттап окутуу жана мугалимдин ролу жөнүндө баяндама жасады.

Иш-чаранын алкагында STEM багытында сабак берген 77 мугалимге “Алтын Казык” бренди менен тааныла баштаган ата мекендик ноутбуктар салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар