Көрүлдү: 561
2025-жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти өлкөдөгү жеке менчик билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү үчүн “Алтын Казык” программасы – билим берүүдөгү масштабдуу трансформация” аталышындагы педагогикалык форум өткөрдү.
Форумда Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери жана адистер 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн жаңы модели, жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты жана предметтик стандарттар, интеграцияланган окуу программалары, өткөөл базистик окуу пландары тууралуу кеңири баяндамаларды жасап, суроолорго жооп беришти.
Бишкек шаарындагы “Учур” эл аралык мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Гүлбарчын Самакова форум тууралуу мындай деди: “Бүгүнкү иш-чара өлкөбүз улуттук билим берүүнүн жаңы моделине өтүп жаткандыктан абдан маанилүү маселелерди камтыганы менен баалуу болуп, жалпы педагогдордун ишмердигине чоң салым кошуп жатат. Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери 12 жылдык билим берүүдөгү өзгөчөлүктөр, жаңы мамлекеттик жана предметтик стандарттар, интеграцияланган окуу программалары тууралуу кеңири айтып, түшүндүрүп беришти. Биздин суроолорубузга дагы жооп берип, кайсы багытта окутуу усулдарын колдонуу керектиги боюнча өз сунуштарын беришти. Жаңыдан мектеп босогосун аттап келип жаткан алты жаштагы жеткинчектерге кандай мамиле кылыш керектиги, компетенттүүлүктү өнүктүрүү маселелери, 5-класстын интеграцияланган окуу программалары, 7-класска секирүүгө даярдоо боюнча кеңири түшүнүк алдык. Жеке менчик билим берүү уюмдарынын кызматкерлери үчүн абдан пайдалуу форум болду”.
Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшееванын айтымында, өлкөнүн билим берүү уюмдарынын кызматкерлери үчүн 2025-2026-окуу жылына карата методикалык сунуштар, мамлекеттик жана предметтик стандарттар, интеграцияланган окуу программалары “Кут Билим” гезитинин 2025-жылдын 15-августундагы санына басылган, ошондой эле Кыргыз билим берүү академиясынын сайтына жарыяланган.