Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
БАРДЫК ЧЕНЕМДИК ДОКУМЕНТТЕРДИ ЖАНА КБА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ИШТЕЛМЕЛЕРИН КОММЕРЦИЯЛЫК МАКСАТТА КОЛДОНУУГА КЕСКИН ТЫЮУ САЛЫНАТ

Көрүлдү: 811

Бардык ченемдик документтер жана КБАнын кызматкерлеринин иштелмелери сайтта АЧЫК жайгаштырылган жана жалпы билим берүү системасында колдонуу үчүн БЕКЕР. Аларды коммерциялык максатта пайдаланууга ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ.

post.title

Урматтуу мугалимдер!

 2025-жылдын башынан тартып төмөнкү документтер иштелип чыгып, бекитилгендигин билдиребиз:

1. Кыргыз Республикасында жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы 131 токтому менен бекитилген);

2. 11 жылдык билим берүү үчүн базистик окуу планы (окутуу кыргыз, орус, өзбек/тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн, ошондой эле дунган тили эне тили катары окутулган орус тилдүү мектептер үчүн эксперименттик план) (КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2025-жылдын 2-июлундагы №747/1 буйругу менен бекитилген);

3. 12 жылдык билим берүү үчүн базистик окуу планы (окутуу кыргыз, орус, өзбек/тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн, ошондой эле дунган тили эне тили катары окутулган орус тилдүү мектептер үчүн эксперименттик план) (КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2025-жылдын 2-июлундагы №746/1 буйругу менен бекитилген);

4. 1-6-класстар үчүн предметтик стандарттар (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 14, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 14, өзбек тили жана окуу, тажик тили жана окуу, дунган тили боюнча) (КР Агартуу министрлигинин 2025-жылдын 14-июлундагы №834/1буйругу менен бекитилген);

5. 7-12-класстар үчүн предметтик стандарттар (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 16, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 16, өзбек тили, өзбек адабияты, тажик тили жана адабияты, дунган тили боюнча) (КР Агартуу министрлигинин 2025-жылдын 21-августундагы №965/1 буйругу менен бекитилген);

6. 1-6-класстар үчүн окуу программалары (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 14, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 14, өзбек тили жана окуу, тажик тили жана окуу боюнча);

7. 7-12-класстар үчүн окуу программалары (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 16, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 16, өзбек тили, өзбек адабияты, тажик тили жана адабияты боюнча);

8. 1-, 2-, 5-, 7-класстар үчүн календардык-тематикалык пландар (окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 42, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 41);

 9. 1-, 2-, 5-, 7 - класстардын базистик окуу планындагы бардык предметтери үчүн методикалык сунуштар (окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 18, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 17, бардыгы – 35).

Мындан тышкары, КБАнын кызматкерлери «Жаңылыктын жарчысы» аттуу педагогикалык форумду өткөрүүгө катышып, 1-, 2-, 5- жана 7-класстардын ар бир предмети боюнча базистик окуу планынын негизинде тиешелүү материалдарды даярдап, презентация кылышкан.

Эсиңиздерге сала кетели, бардык иштелип чыккан документтер КБАнын расмий сайтында (https://kao.kg/) «Мектептик билим берүү / Школьное образование» бөлүмүндө жайгаштырылган.

ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!

Бардык ченемдик документтер жана КБАнын кызматкерлеринин иштелмелери сайтта АЧЫК жайгаштырылган жана жалпы билим берүү системасында колдонуу үчүн БЕКЕР. Аларды коммерциялык максатта пайдаланууга ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ.

Аталган материалдарды коммерциялаштыруу же сатуу аракеттери аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине 0312 62 05 03 телефону аркылуу же Кыргыз билим берүү академиясына 0312 62 23 57 телефону аркылуу дароо кайрылууну суранабыз.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар