Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНИН “ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫКТЫН ЖҮРҮШҮ ЖӨНҮНДӨ” ТЕМАСЫНДАГЫ ПРЕСС-КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

Көрүлдү: 712

Кыргызстанда жаңы окуу жылына карата масштабдуу даярдык аяктап жатат. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги иштин жыйынтыгын чыгарып, окуучуларга, ата-энелерге жана мугалимдерге түздөн-түз тиешелүү пландар менен бөлүштү.

post.title

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ

Соңку жылы мектепке чейинки билим берүү менен камтуу рекорддук көрсөткүчкө – 28,3 пайыздан 44,3 пайызга чейин өстү. Бүгүнкү күндө бала бакчаларга 257 миңден ашуун бала барса, дагы 100 миң бала “Наристе” программасы боюнча даярдыктан өттү. Алар менен иштөө үчүн системага көбүрөөк тарбиячылар келишти, азыр алардын саны 12 миңдей, бул бир жыл мурдагыга караганда бир жарым миңге көп.

Бала бакчалар өзгөрүүдө: жаңы “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” мамлекеттик билим берүү стандарты, “1 жаштан 6 жашка чейинки балдарды өнүктүрүү” программасы киргизилди, уктоочу бөлмөлөр модернизацияланып, миңге жакын жаңы тайпа ачылды, натыйжада 25 миңден ашык кошумча орун пайда болду. balalyk.edu.gov.kg бирдиктүү онлайн платформасы түзүлдү, андан өлкөнүн бардык бала бакчаларын табууга жана ваучерге өтүнмө берүүгө болот. 2024-жылдын ноябрынан баштап ишке киргизилген ваучердик система үй-бүлөлөргө кырдаалга жараша айына 2 миң сомдон 4 560 сомго чейин финансылык колдоо көрсөтөт.

МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ

Быйылкы окуу жылында Кыргызстандын мектептеринде 1,5 миллиондон ашык бала билим алат. Жалпысынан өлкөдө 2394 мектеп иштейт (анын 224ү – жеке мектептер), анда 93 миңден ашык мугалим эмгектенет.

Негизги жаңылык – “Алтын Казык” программасынын алкагында 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү. Жаңы мамлекеттик жана предметтик билим берүү стандарттары бекитилип, окутуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн окуу программалары иштелип чыкты.

Жайында он миңдеген педагогдор жаңы стандарттар жана окуу китептери боюнча тренинг жана курстардан өтүштү. Июль-август айларында эле 18 миңдей, ал эми жыл башынан бери 30 миңден ашуун мугалим окутулду.

Жаңы окуу жылында Кыргызстанда “Наристе” мектепке чейинки даярдоо программасы менен иштеген 3 миңге жакын педагог башталгыч класстарга толук жүктөмдө сабак бере баштайт. Бул мугалимдерге болгон муктаждыкты жоюуга жана кадрларды мектепке чейинки билим берүүдөн башталгыч звеного которууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, 2025-жылы Кыргызстандын ЖОЖдорунун 1 222 бүтүрүүчүсү мектепте педагогикалык ишмердүүлүгүн баштайт.

Бүгүнкү күндө республиканын бардык аймактарында Август педагогикалык кеңешмелери өткөрүлүүдө, анын алкагында мугалимдерге 27 миңден ашуун “Алтын Казык” ноутбуктары тапшырылууда. Дагы ушунча сандагы ноутбуктар жыл ичинде башка мугалимдерге да тапшырылат.

БАЛДАРДЫ 1-2-КЛАССТАРГА КАТТОО

Кошумча квоталарды эсепке алганда, 1-2-класстарга балдарды кабыл алуу үчүн аймактык бөлүмдөр тарабынан 2025-2026-окуу жылына карата берилген орундардын жалпы саны 306 407ни түздү.

2025-жылдын 25-августуна (саат 15:00гө) карата жалпы билим берүү уюмдарына 206 835 бала кабыл алынды, анын ичинде 1-класска – 93 669, 2-класска – 113 166.

Азыркы учурда республика боюнча бош орундар бар. Алардын класстар боюнча бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй:

1-класстар:

Бардык бөлүнгөн орундардын саны – 144 377, катталгандардын саны – 93 669, бош орундардын саны – 53 547.

2-класстар:

Бардык бөлүнгөн орундардын саны – 159 192, катталгандардын саны – 113 166, бош орундардын саны – 46 026.

Жалпысынан республика боюнча бош орундардын жалпы саны 99 573тү түзөт.

Бишкек шаары боюнча:

Бардык бөлүнгөн орундардын саны – 38 426, катталгандардын саны – 35 501, бош орундардын саны – 2 925, анын ичинде: 1-класстардагы квота – 18 030, катталгандардын саны – 16 490, бош орундардын саны – 1 540; 2-класстардагы квота – 20 396, катталгандардын саны – 19 014, бош орундардын саны – 1 382.

Бош орундары бар мектептер жөнүндө маалымат сайтка жайгаштырылган: https://1mektep.edu.gov.kg/ru/statistics

МЕКТЕПТЕРДИ ЖАҢЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИ МЕНЕН КАМСЫЗДОО

Окуу китептерин басып чыгарууга 2025-жылы мамлекет тарабынан 744 млн сом бөлүнгөн. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жаңы окуу-методикалык комплекстер (ОУК): окуучу үчүн – окуу китеби жана жумушчу дептер, мугалим үчүн – методикалык колдонмо басылып чыгууда.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги “Учкун” ААК менен жалпысынан 571,9 млн сомго 3 198 650 нускада окуу-методикалык комплекстерди басып чыгарууга контракттарды түздү (2023-2024-жылдары 1 490 786 нускада окуу китептери даярдалган). Бул сумманын ичинен бүгүнкү күндө “Англис тили” предмети боюнча жаңы окуу-методикалык комплекстер 1 917 570 нускада басылып чыкты. Анын ичинде:

- 3-класстар үчүн – 148 830 нуска;

- 4-класстар үчүн – 322 350 нуска (анын ичинен 158 700 нускасы Улуу Британиянын элчилигинин финансылык колдоосу менен жарык көрдү);

- 5-класстар үчүн – 305 010 нуска;

- 6-класстар үчүн – 299 850 нуска;

- 7-класстар үчүн – 288 750 нуска;

- 8-класстар үчүн – 282 050 нуска;

- 9-класстар үчүн – 270 730 нуска.

Ошондой эле 1, 2-класстар үчүн “Математика” жана “Табият таануу” предметтери боюнча жаңы окуу-методикалык комплекстер 1 281 080 нускада басылып чыгууда. Анын ичинде:

- 1-класстар үчүн Математика – 295 880 нуска;

- 2-класстар үчүн Математика – 344 660 нуска;

- 1-класстар үчүн Табият таануу – 295 880 нуска;

- 2-класстар үчүн Табият таануу – 344 660 нуска;

5, 7-класстар үчүн “Математика” жана “Табият таануу” предметтери боюнча адаптацияланган окуу-методикалык комплекстер, ошондой эле 1-класстар үчүн “Наристе. Алиппе” окуу китеби басууга даярдалууда.

Кыргызстан менен Россиянын жумушчу тобу адаптациялаган орус тили жана адабияты боюнча окуу китептери Россия Федерациясында басылып чыгып, 2025-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын мектептерине жеткирилет.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги “Окуу китеби” онлайн-платформасын ишке киргизди. Платформа окуу китептерин жеткирүү мөөнөттөрүнө карабастан окуу процессин камсыз кылууга мүмкүндүк берет жана аларга жетүү үчүн бирдиктүү санариптик ресурс болуп калат. Окуучулардын, ата-энелердин жана мугалимдердин ыңгайлуулугу үчүн “Окуу китеби” “Күндөлүк” жана “Санарип Кампа” системалары менен интеграцияланат.

Окуучулар окуу китептерин электрондук түрдө акысыз колдоно алышат жана офлайн режимде иштөө үчүн аларды жүктөп алышат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар