Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
АГАРТУУ МИНИСТРИ ОШ ОБЛУСУНДАГЫ МЕКТЕПТЕРДИН ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫГЫН ТЕКШЕРҮҮДӨ

Көрүлдү: 456

Бүгүн, 25-августта, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева өлкөнүн түштүк аймагына болгон иш сапарынын алкагында Ош облусуна барды.

post.title

Сапардын негизги максаты — аймактардагы билим берүү уюмдарынын 2025–2026-окуу жылына даярдыгын текшерүү, көйгөйлүү маселелерди талкуулоо жана жеринде чечүү жолдорун издөө.

Губернатор менен жолугушуу

Агартуу министри Ош облусундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда облус аймагындагы билим берүү тармагындагы негизги көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды. Ошондой эле кесиптик-техникалык билим берүү системасы үчүн адистерди максаттуу даярдоо маселесине өзүнчө көңүл бурулду.

Ош шаарынын мектеп директорлору менен жолугушуулар

Иш сапардын алкагында министр Ош шаарындагы ири мектептердин директорлору менен да жолугушту. Жолугушууда төмөнкү маселелер талкууланды:

• жаңыртылган билим берүү мазмунун ишке киргизүү;

• санариптик технологияларды колдонуудагы мүмкүнчүлүктөр жана кыйынчылыктар;

• 12 жылдык мектептик билим берүү системасына өтүү;

• базистик окуу планы;

• балдарды мектепке электрондук каттоо маселелери;

• мектептерди кадр менен камсыздоо;

• мектептерде капиталдык оңдоолорду жүргүзүү жана окутууну онлайн же оффлайн форматта уюштуруу боюнча мүмкүнчүлүктөр.

Капиталдык оңдоо иштери шарттарында билим берүү процессин уюштуруу

Жолугушуу учурунда бир катар мектептерде капиталдык оңдоо иштери жүрүп жаткан шартта билим берүү процессин уюштуруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Министр Догдуркүл Кендирбаева белгилегендей, окуу процессинин үзгүлтүксүз болушун камсыздоо үчүн ийкемдүү ыкмаларды колдонуу зарыл — бул окуучуларды убактылуу коңшу билим берүү уюмдарына жайгаштыруу, аралыктан окутуу формасындагы сабактарды киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн камтыйт.

«Биздин максат — мектепте оңдоо иштери жүрүп жаткан күндө бир да бала сапаттуу билимден четте калбоосу. Бул үчүн министрлик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте балдардын коопсуз жана ыңгайлуу шарттарда окуусун улантууга багытталган эң оптималдуу чечимдерди издөөдө», — деп белгиледи Д. Кендирбаева.

Башталгыч класстардын балдарын мектепке жайгаштыруу маселеси

Министр 25-августта Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин, Агартуу министрлигинин жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Жолугушууда борбордогу мектептерге башталгыч класстардын балдарын жайгаштыруу маселеси талкууланды.

Жыйынтыгында Бишкектин төрт районунун ар биринде Билим берүү бөлүмдөрүнүн базасында атайын штабдар түзүү чечими кабыл алынды. Алардын негизги милдети — ата-энелерге ыкчам маалымат берүү жана балдарын мектепке каттоого көмөктөшүү.

Жаңы институт куруу боюнча чечим

Министр Ош облустук билим берүү институтунун авариялык абалдагы имаратын көрүп чыкты. Директордун милдетин аткаруучу Совет Аматов менен биргеликте Ош облусунун мугалимдери үчүн жаңы, заманбап имарат куруу чечими кабыл алынды. Бул имаратта 20 миңден ашык педагогдорду даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча окутуулар өткөрүлөт.

Жаңы билим берүү объекттери

Сапардын алкагында министр Ош шаарындагы В. В. Терешкова атындагы жаңы мектептин ачылышына даярдык менен таанышты. Андан соң, Жалал-Абад облусундагы Барпы Алыкулов атындагы мектепти да барып көрдү.

Иш сапардын уландысы

2025-жылдын 26-августунда Догдуркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусундагы иш сапарын улантат. Ал жерде министр Август педагогикалык форумуна катышып, билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолугушат жана Республикалык көркөм сүрөт жатак мектебине барат.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар