Көрүлдү: 3306
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги балдары ушул кезге чейин бир дагы мектепке 1-2-класстарга кабыл алына элек ата-энелерге/мыйзамдуу өкүлдөргө дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берүү максатында мектепке электрондук каттоо системасында кошумча квота ачыларын билдирет.
2025-2026-окуу жылына мектепке 1-2-класстарга кошумча кабыл алуу 2025-жылдын 25-августунда саат 09:00дө башталат.
Ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү “Түндүк” тиркемесиндеги “Санариптик документтер” бөлүмүндө турган-турбаганын алдын ала текшерип, баланы “Мектепке электрондук каттоо” кызматы аркылуу “Түндүк”, “Мбанк” жана МойО!+ Банк же 1mektep.edu.gov.kg. порталынан катташы керек.
Тиркеме: Кошумча квота ачыла турган мектептердин тизмеси