Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ ИШКЕРДИК ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУК БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ЧЕМПИОНАТТА 2-ОРУН АЛЫШТЫ

Көрүлдү: 525

2025-жылдын 11-13-августунда «Алабуга» өзгөчө экономикалык аймагында (Татарстан Республикасы, Россия Федерациясы) 9-11-класстардын окуучуларынын арасында ишкердик жана финансылык сабаттуулук боюнча КМШнын эл аралык онлайн-чемпионатынын финалы болуп өттү.

post.title

Финалга төрт өлкөнүн: Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россиянын командалары катышты. Командалык эсептин жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курамасы Өзбекстандын командасына гана утулуп, 2-орунду ээледи. 3-орунду Тажикстандын командасы ээледи.

Кыргызстандын мектеп окуучуларынын командасы жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана практикалык көндүмдөрүн тастыктап, «Финансылык сабаттуулук» багыты боюнча жеңүүчүнүн дипломун алды.

Кыргыз Республикасынын делегациясын Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Мелисбек Музулманов жетектеди.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги катышуучуларды куттуктайт жана команданы даярдоого олуттуу салым кошкон педагогдор менен устаттарга ыраазычылык билдирет.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар