Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
АВГУСТ ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМУН ОШ ЖАНА БИШКЕК ШААРЛАРЫНАН КЕЛГЕН ЖЫЙЫРМАДАН АШЫК МЕДИА АДИС ЧАГЫЛДЫРДЫ

Көрүлдү: 586

“Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим” Август педагогикалык форуму Бишкектеги жана Оштогу 20дан ашык медиа адистин биргелешкен ишинин аркасында кеңири чагылдырылды. Форумду чагылдыруу 12 жылдык билим берүүгө өтүү жөнүндө маалымдоо боюнча медиаштабдын, “ЭлТР” МТРКнын журналисттеринин, ОшМУнун жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын медиакомандасынын, Агартуу министрлигинин маалыматтык саясат секторунун жана “Кут билим" медиаборборунун катышуусунда жүргүзүлдү.

post.title

Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын тапшырмасы менен түзүлгөн Медиаштабдын ишин Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында билим берүү секторун колдоо” долбоорунун медиаэксперти Айнура Темирбекова координациялайт. 2025-жылдын март айынан бери Медиаштаб Агартуу министрлигинин маалыматтык саясат секторунун, “Кут билим” медиаборборунун жана ЮНИСЕФ, АӨБ, Европа Биримдиги, Дүйнөлүк Банк, Ага Хан фонду, Peacenexus өңдүү эл аралык уюмдардын, ошондой эле өлкөнүн жогорку окуу жайларынын жана билим берүү борборлорунун кызматкерлеринин күч-аракетин бириктирип, активдүү иш жүргүзүп келет.

Форум учурунда ОшМУда басма сөз борбору ачылды. Анын иши 100дөн ашык маалыматтык материалдардын: пресс-релиздердин, видео репортаждардын, фото отчёттордун, рилстердин жана социалдык тармактардагы түз эфирлердин чыгарылышын камсыз кылды. Материалдар кыргыз жана орус тилдеринде даярдалды. “ЭлТР” МТРК түз эфирлерди чыгарды, форумдун ишинин алкагында билим берүү тармагындагы эксперт Асылбек Жоодонбеков менен “Педсовет” подкастынын жаңы чыгарылышы жазылды.

Форумдун жүрүшүндө өткөрүлгөн маалыматтык өнөктүк уюштуруучулар, катышуучулар жана коноктор тарабынан жогору бааланды. Ал билим берүү реформаларын жайылтуу жана 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө ишенимди калыптандыруу үчүн медиа коомчулуктун макулдашылган ишинин жаркын үлгүсү болду.

Август педагогикалык форумунун ишине мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана алардын орун басарлары, бала бакчалардын, мектептердин, кесиптик лицейлердин жана ЖОЖдордун жетекчилери, ошондой эле эл аралык өнөктөштөр – Азия өнүктүрүү банкы, ЮНИСЕФ, Дүйнөлүк банк, Европа Биримдиги, Ага Хан Фонду жана БУУ катышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар