Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
ДИРЕКТОРДУН ПРАКТИКАЛЫК КӨЗ КАРАШЫ: ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНЫН АЛДЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН БЕШ НЕГИЗГИ МИЛДЕТИ

Көрүлдү: 869

Август педагогикалык форумунун алкагында панелдик талкуу болуп, анда Бишкек шаарынын № 65 мектебинин директору Ольга Солошенко сөз сүйлөдү. Ал өлкөнүн билим берүү системасы чоң өзгөрүүлөрдүн алдында турганын белгиледи. 12 жылдык окутууга өтүү үчүн зарыл болгон бардык негизги документтер: мамлекеттик жана предметтик стандарттар, окуу программалары, ал тургай календардык-тематикалык пландар да иштелип чыкты. Мугалимдер бардык зарыл болгон теориялык базаларды алышты, ал эми форумдарда жана тренингдерде практикалык даярдыктан өтүп жатышат. Жакынкы күндөрү бардык мектептерде педагогикалык кеңешмелер өткөрүлүп, анда ар бир деталь педагогдорго жеткирилет.

post.title

Ольга Солошенко жаңы окуу жылынын алдында мектептердин алдында турган беш башкы милдет тууралуу айтып өттү.

Биринчиси 1-класстын окуучуларына тиешелүү. Биринчи жолу мектептер беш жана алты жаштагы балдарды кабыл алат. Алар үчүн өзгөчө, көбүрөөк ойноочу жана өнүктүрүүчү чөйрөнү түзүү керек. Кенже курактагы окуучулар өздөрүн ыңгайлуу сезиши үчүн мугалимдер иштөө методдорун кайра иштеп чыгышы керек. Бул курактагы балдарды окутууда мурда мектептерде окутулган "Наристе" программасынын тажрыйбасы жардам берет, бирок эми иш системалуу болуп калат.

Экинчи маселе экинчи класстарга байланыштуу. Дал ушул жерде, директордун айтымында, мектеп көбүрөөк кыйынчылыктарга туш болот. Балдар ар кандай деңгээлдеги даярдыкта келишет: кайсы бири олуттуу даянданып келсе, кайсы бири курстарды же "Наристе" программасын гана окуп, жазганды үйрөнбөй келишет. Ошондуктан алгачкы айлар ыңгайлашууга арналат – мугалимдер балдарга жазганды үйрөнүүгө жардам беришет, баштапкы мүмкүнчүлүктөрүн теңдештиришет жана толук кандуу окуу процессине акырындык менен кошушат. Реформалар алыстатууга алып келбестен, тескерисинче, сапаттуу окутууга өбөлгө түзүшү керек.

Үчүнчү маселе бешинчи класска байланыштуу. Бул жерде бир окуу жылында дароо бешинчи жана алтынчы класстарда эки жылдын программасын өтүүгө туура келет. Ошол эле учурда бешинчи класстын материалынын бир бөлүгү, адатта, башталгыч мектепти кайталайт, ошол мезгилди ийкемдүү пайдаланууга болот. Мугалимдер үчүн деталдуу пландар иштелип чыкты, бирок мугалимдерге аларды биринчи жолу практика жүзүндө колдонууга туура келет.

Солошенконун айтымында, жетинчи класстар салыштырмалуу кыйналбай өтүшөт. Бул жердеги негизги уюштуруу милдети – окуу китептерин бир нече мугалимдин ортосунда бөлүштүрүү.

Директор бешинчи милдетке – методикалык коштоого өзгөчө көңүл бурду. Анын мектебинде биринчи, экинчи, бешинчи жана жетинчи класстарда иштеген мугалимдер үчүн апта сайын чакан педагогикалык кеңешмелер өткөрүлөт. Бул кыйынчылыктарды ыкчам талкуулоого, тажрыйба бөлүшүүгө жана чечимдерди табууга мүмкүндүк берет. Ошентип, педагогдор колдоону сезишет жана көйгөйлөр менен жалгыз калышпайт. 

Жыйынтык чыгарып жатып, Ольга Солошенко мектептер 1-сентябрга даяр экендигин баса белгиледи жана татаалдыктарга карабастан жаңы окуу жылы ийгиликтүү болоруна ишенимин билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар