Көрүлдү: 793
12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТҮҮ ШАРТЫНДАГЫ БААЛОО СИСТЕМАСЫ ЖАНА «БААЛОО» УЛУТТУК ПРОГРАММАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
Кыргызстандын педагогдорунун салттуу Август кеңешмесинде талкууланган негизги темалардын бири 12 жылдык билим берүүгө өтүү шартындагы баалоо системасы жана «Баалоо» улуттук программасынын жыйынтыктары жөнүндө болду.
Баалоо системасынын негизги маселелери:
• Кыргыз Республикасында жаңы баалоо модели: критерийлик жана формативдик баалоону киргизүү, системалуу текшерүү иштерин өткөрүү, 4 жана 8-класстардагы улуттук мониторингдер, жыйынтыктоочу мамлекеттик экзамендер жана жогорку класстардагы сертификация.
• «Баалоо» улуттук программасы: бардык аймактардагы жана окутуу тилдериндеги 4 жана 8-класстын окуучуларын камтыган билим берүүнүн сапатын тышкы изилдөө. Алгачкы жыйынтыктар санарип форматында көрсөтүлүп, региондордун, шаардык жана айылдык мектептердин, мамлекеттик жана жеке билим берүү уюмдарынын ортосунда олуттуу айырмачылыктарды ачып берди.
• Мектепке чейинки уюмдардан тартып жогорку окуу жайларга чейин формалдуу билим берүү деңгээлинде мониторинг жана баалоо жүргүзүү.
• Учурдагы баалоо системасынын көйгөйлөрү: пландалган окуу натыйжалары менен баалоо практикасынын дал келбестиги, беш баллдык шкаланын чектелгендиги, объективдүү инструменттердин жетишсиздиги.
Жыйынтыктар жана сунуштар:
• Натыйжалары төмөн мектептерди колдоо, мониторинг үчүн санариптик куралдарды жана платформаларды киргизүү зарыл.
• Мугалимдердин квалификациясын жогорулатууда функционалдык сабаттуулукка, санариптик педагогикага жана заманбап методикаларды колдонууга өзгөчө көңүл буруу маанилүү.
• Санариптик көндүмдөрдү, сынчыл ой жүгүртүүнү жана билим берүүдөгү гендердик теңчиликти эске алуу менен предметтик стандарттарды жаңылоо зарыл.
Бул демилгелер билим берүүнүн натыйжаларын адилеттүү жана объективдүү баалоого өбөлгө түзүп, окуучулардын мотивациясын жогорулатууга, мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн колдоого багытталган.