Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНИН МЕКТЕПКЕ БАЛДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Көрүлдү: 861

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук каттоо боюнча автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары – «Электрондук каттоо» АМС) жөнүндө жобого ылайык баланын ата-энесине/мыйзамдуу өкүлүнө төмөнкү укуктар берилет: - мектеп жашына жеткен (6-7 жаштагы) баланы 2025-жылдын 1-июнуна чейин туруктуу каттоо дареги боюнча 1mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу «Электрондук каттоо» АМСга онлайн каттоо; - туруктуу каттоо дареги боюнча каттоодон баш тарткан учурда 2-июндан саат 9:00дөн тартып 2025-жылдын 15-августуна чейин башка (микроучастокко кирбеген) бош орун бар мектепти тандоо.

post.title

Мындан тышкары, ата-энелерге башка каалаган мектепти тандап, бош орун болгон учурда үч жолу башка мектепке алмаштырууга укук берилген.

Ошону менен бирге, 13-августка карата системада 75 миңге жакын бала эч бир мектепке катталбай турган. Алардын билим алууга болгон укугун коргоо максатында, ошондой эле жарандардын кайрылууларын, айрым мектептерде квота көбөйтүү боюнча аймактык билим берүү органдарынан келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен Агартуу министрлиги ушундай учурлар үчүн гана 13-15-августунда кошумча квоталарды ачуу жөнүндө чечим кабыл алган. Министрлик ЖМКга бул тууралуу алдын ала маалымат берип, мектептердин тизмесин жана квоталардын санын жарыялаган.

Системанын ашыкча жүктөлүшүн жана буга чейин катталган окуучулардын кайра көчүрүлүшүн болтурбоо үчүн ушул үч күнгө «Каттоону жокко чыгаруу» баскычы убактылуу өчүрүлгөн. Бул чектөө системанын ишин үзгүлтүккө учуратып, жер-жерлерде административдик кыйынчылыктарды жараткан балдарды мектептер арасында баш аламан кайра каттоону болтурбоо үчүн киргизилген.

Белгилей кетсек, 15-августта балдарды мектепке негизги каттоо аяктайт. Андан кийин катталган балдар тууралуу бардык маалыматтар «Күндөлүк» системасына берилет, анда мектеп администрациялары класстарды комплектациялай башташат.

Бардык ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр ушул жылдын 5-сентябрынан кечиктирбестен (белгиленген формадагы) баланын ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасын, (белгиленген формадагы) алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасын бала катталган мектепке тапшырууга милдеттүү.

Ошону менен бирге 2025-жылдын 18-августунан 30-сентябрына чейин «Электрондук каттоо» АМСда кеч каттоо жүргүзүлөт, анын алкагында «Каттоону жокко чыгаруу» баскычы кайрадан иштетилет. Эгер зарылчылык жаралса, ата-энелер мурунку каттоону жокко чыгарып, баланы бош орун бар башка мектепке кайра каттай алышат.

Кеч каттоо аяктаганга (30-сентябрга) чейин балдарын каттоого жетишпей калган ата-энелер кийинки окуу жылына каттоо үчүн гана мектепке кайрыла алышат. Жүйөлүү негиздер болгон учурда билим берүүнү башкаруу органдарынын расмий чечимдери менен гана уруксат берилиши мүмкүн.

Баланы өз убагында мектепке каттабагандыгы үчүн жоопкерчилик ата-энеге/мыйзамдуу өкүлгө жүктөлөт.

 

Маалымат үчүн:

Республика боюнча кошумча квоталардын саны 11265, 13-августка карата саат 9:00гө чейин жалпы квота – 289 509, анын ичинен жеңилдик алгандар – 30 279; саат 9:00дөн кийин – 300 774, жеңилдик алгандар – 30 279.

13-августта саат 9:00гө чейин катталгандар – 188 920, жеңилдик алгандар – 2 742; саат 11:20да катталгандар – 194 460, жеңилдик алгандар – 2 750.

Ошентип, 2 саат 20 мүнөттө 5 540 бала катталган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар