Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
АГАРТУУ МИНИСТРИ АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Көрүлдү: 524

Бүгүн, 13-августта, ар кандай себептерден улам балдарын мектепке 1-2-класстарга каттата албай калган айрым ата-энелер Агартуу министрлигине келишти. Ведомствонун жетекчиси Догдуркүл Кендирбаева алар менен жолугуп, арыз-муңдарын жана сунуш-пикирлерин укту. Министр тынчсызданууга негиз жоктугун, жашы жеткен бардык балдар мектепке кабыл алынарын, бирок ар бир мектептин долбоордук кубаттуулугун да эске алуу керектигин баса белгиледи. Ошондой эле Д. Кендирбаева “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамга ылайык бардык мектептерде балдардын сапаттуу билим алуусу үчүн бирдей шарттар түзүлүп жатканын, эски түшүнүктөрдөн арылууга мезгил келип жеткенин кошумчалап, ата-энелерди билим берүү, тарбиялоо процессинде мугалимдерге жардамчы болууга чакырды.

post.title

Жолугушууга министрдин орун басарлары Надира Джусупбекова, Альберт Махметкулов, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева да катышып, көтөрүлгөн маселелерди чечүүнүн мыйзамдуу жолдорун сунушташты.

Белгилей кетсек, бүгүн эч бир мектепке кабыл алына элек балдар үчүн айрым мектептерде 1-2-класстарга кошумча квоталар ачылды. Мектепке кабыл алуунун экинчи этабы ушул жылдын 15-августунда аяктайт. Ушул тапта мектепке каттоо электрондук форматта 1mektep.edu.gov.kg порталы, «Түндүк» тутуму, ошондой эле MegaPay, МБанк жана МойО!+Банк кызматтары аркылуу жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар