Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
“ЖАҢЫЛЫКТЫН ЖАРЧЫСЫ” ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМУНДА БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ДА КАТЫШУУДА

Көрүлдү: 621

2025-жылдын 4-августунан бери Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы “Санат” ден соолукту чыңдоо борборунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан өткөрүлүп жаткан “Жаңылыктын жарчысы” аттуу педагогикалык форумдун 12–13-августтагы бөлүгүнө башталгыч кесиптик билим берүү кызматкерлери катышууда.

post.title

Иш-чарага өлкө боюнча башталгыч кесиптик лицейлердин 181 кызматкери: методисттер жана директордун орун басарлары тартылган.

Аларга жаңы мамлекеттик билим берүү стандарты, базистик окуу планы, жаңыланган окуу программалары, «Баалоо» улуттук программасынын жыйынтыктары жана сунуштар, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстарынын жаңы форматтары боюнча окутуулар өткөрүлүүдө.

Ошондой эле агартуу министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева санариптештирилген ресурстар боюнча кенен маалымат берүүдө.

Форумдун алкагында пленардык жана тематикалык сессияларда билим берүүнүн мазмунун жаңылоо, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү, санариптик технологияларды колдонуу, жасалма интеллектти билим берүүдө натыйжалуу жана жоопкерчиликтүү пайдалануу, ошондой эле насаатчылык боюнча мыкты тажрыйбаларды өнүктүрүү маселелери талкууланууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар