Көрүлдү: 447
18-19-августта Ош шаарында билим берүү тармагындагы маанилүү жылдык иш-чара – Август педагогикалык форуму өтөт. Ага кенже курактагы балдар менен иштеген адистер, тарбиячылар, методисттер жана жетекчилер катышат.
Билим берүү жаатындагы эксперттер, практиктер жана жетекчилер өлкөдөгү билим берүү системасын трансформациялоо шартында мектепке чейинки билим берүүнүн келечеги кандай болушу керектигин талкуулашат.
Форумдун көңүл борборунда жаңы билим берүү стандарттары, көп тилдүү чөйрө, ийкемдүү көндүмдөрдү өнүктүрүү, экологиялык ой жүгүртүү ж.б. актуалдуу багыттар болот.
Айрыкча “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында” белгиленген милдеттерге өзгөчө көңүл бурулат. Анда мектепке чейинки билим берүү менен камтууну 80 пайызга жеткирүү боюнча дымактуу максат коюлган. Бул максатка жетүү үчүн стратегияларды жана натыйжалуу чечимдерди ишке ашыруу боюнча талкуу жүрөт.
Ар бир мастер-класс – тарбиячылар, методисттер жана бала бакчанын жетекчилери өзүнүн ишинде колдонуу үчүн даяр куралдарды, шыктанууну жана кесиптештердин колдоосун ала турган практикалык аянтча.
Келечек бала бакчадан башталат!