Көрүлдү: 248
2025-жылдын 2–9-август күндөрү Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында Жасалма интеллект боюнча 2-Эл аралык олимпиада (International Olympiad in Artificial Intelligence — IOAI) өттү.
Мелдешке 61 мамлекеттен келген 300 окуучу жана 73 команда катышты. Олимпиада эки күнгө созулуп, ар күнү катышуучулар үчтөн тапшырманы аткарышты. Алар жасалма интеллекттин ар кайсы тармактарын — машиналык окутуу, табигый тилди иштетүү жана компьютердик көрүү багыттарын камтыды.
Кыргызстандын командасы жалпы 537 упай топтоп, 73 команданын ичинен 45-орунду ээледи. Команданын курамы Northern Eurasia OAI 2025 мелдешинин финалдык этабынын жыйынтыгы боюнча аныкталган.
Окуучулардын жыйынтыктары:
1. Низовский Матвей – коло медаль, «Маариф» билим берүү комплекси.
2. Семён Богуславский – катышуучу, №61 орто мектебинин 11-классынын окуучусу.
3. Акниет Кенжегулов – катышуучу, №61 орто мектебинин 11-классынын окуучусу.
4. Исхак Тажибаев – катышуучу, «Кут Билим» билим берүү комплексинин 11-классынын окуучусу.
Команданын жетекчиси: Ишматов Мамат, «Газпром» Олимпиадалык борбору.
Тренерлер:
1. Александр Гущин – Борбордук университет.
2. Андрей Кузнецов – Борбордук университет.
3. Рахимов Руслан – T-Bank AI Research.
4. Омурканов Тургунбек – МБанк.
5. Тимур Туратали – AI Academy, Кыргызстандагы ЖИ коомчулугунун негиздөөчүсү, МБанк.
6. Эрмек Айтыгулов – ML-инженер, «Звук».