Көрүлдү: 448
Бүгүн, 8-августта, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде жеке менчик мектептерди лицензиялоону жөнөкөйлөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун алгачкы отуруму болду. Анда “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында башталгыч жалпы билим берүү программаларын ишке ашырган жеке менчик мектептерди лицензиялоону жөнөкөйлөтүү аркылуу билим алууга жеткиликтүүлүктү камсыздоо маселеси талкууланды.
Жыйынга Агартуу министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансы министрлигинин, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ж.б. катышты.
Агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова республикада жалпы билим берүү уюмдарынын жетишсиздигин жоюунун бир жолу жеке менчик мектептердин санын көбөйтүү экендигин, ал үчүн заман талабына ылайык жеке менчик мектептерди лицензиялоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу зарыл экендигин белгиледи.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү жеке менчик мектептер жайгаша турган имараттардын өрт коопсуздугунун талаптарына жооп беришине жана санитардык нормаларга туура келишине өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.
Жыйынтыгында 100 күндүк мөөнөттө жеке менчик мектептерди лицензиялоону жөнөкөйлөтүүгө багытталган иш-чаралардын так планын иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.
Белгилей кетсек, бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин демилгеси менен жүзөгө ашырылып жаткан “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагындагы 100 күндүк реформалардын бир бөлүгү болуп саналат.