Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
“АЛТЫН КАЗЫК” НОУТБУКТАРЫ АЙМАКТАРГА ЖЕТКИРИЛҮҮДӨ

Көрүлдү: 760

Бүгүн, 7-августта, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркта чогултулган “Алтын Казык” ноутбуктарын министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө өткөрүп берүү иш-чарасына катышты.

post.title

“Ноутбуктардын сапары байсалдуу болсун! Алар мугалимдерибиздин ишине жардам берип, балдардын билимине кызмат кылат деп ишенебиз”, – деди министр.

Белгилей кетсек, бул ноутбуктар үч ай бою Каракол шаарындагы мугалимдер тарабынан сыноодон өткөрүлгөн. Сыноо учурунда аныкталган кемчиликтер толугу менен жоюлган. Ноутбуктардын өзгөчөлүгү – анда атайын лицензияланган программасы бар, ал өзүн автоматтык түрдө жаңыртып турат жана коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү менен жабдылган. Ноутбуктардын ичинде мугалимдердин күнүмдүк ишине керектелүүчү программалар жана методикалык колдонмолор орнотулган.

Жалпысынан 27 031 даана ноутбук аймактарга жеткирилүүдө. Алар салттуу түрдө жаңы окуу жылы башталганга чейин жер-жерлерде өткөрүлүүчү педагогикалык кеңешмелерде STEM предметтеринин мугалимдерине тапшырылат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар