Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
2025-2026-ОКУУ ЖЫЛЫНДА «ТАБИЯТ ТААНУУ» САБАГЫ КАНДАЙЧА ӨЗГӨРӨТ?

Көрүлдү: 878

Жаңы 2025–2026-окуу жылында окуучулар менен мугалимдерди «Табият таануу» сабагын окутууда бир катар маанилүү жаңылыктар күтүп турат. Бул тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын улук илимий кызматкери Альфия Насырова Педагогикалык форумдун жүрүшүндө айтып берди.

post.title

Жаңы мамлекеттик билим берүү стандартынын алкагында быйылкы жылдан тартып «Табият таануу» сабагы бешинчи жана алтынчы класстарда окутула баштайт. Ал эми 12 жылдык билим берүү системасына өтүүдө учурдагы бешинчи класстын окуучулары 2026-жылдын күзүндө түз эле жетинчи класска өтөт жана буга байланыштуу сабактын мазмуну адаптацияланып берилет. Тактап айтканда, бешинчи класстын окуучулары 2025–2026-окуу жылынын биринчи жарым жылдыгында 5-класстын, ал эми экинчи жарымында 6-класстын программасын окушат.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан жаңы окуу-методикалык комплекстер иштелип чыкты: окуучуга арналган окуу китеби, жумушчу дептер жана мугалим үчүн колдонмо. Алар жаңыланган программа менен окутууну уюштурууга жардам берет.

Сабактагы негизги жаңылыктардын бири – компетенттүүлүккө негизделген мамиленин киргизилиши болду. Программа бардык эл аралык стандарттарга, анын ичинде табигый илимдер боюнча PISA компетенциясына шайкеш келет жана санариптик экологиялык сабаттуулук сыяктуу заманбап контент менен толукталган.

«Биз бүгүн тездик менен өзгөрүп жаткан жана технологияларга толгон заманда жашап жатабыз. Учурда жөнөкөй эле смартфон сабактагы кичинекей лабораторияга айланышы мүмкүн. Мобилдик тиркемелердин жардамы менен окуучулар ызы-чуунун деңгээлин, жарыкты, температураны өлчөп, өсүмдүктөр менен жаныбарларды тааный алышат. Бул сабактарды кызыктуу гана кылбастан, балдардын "жашыл көндүмдөрүн" — жаратылышка зыян келтирбестен жашоо жана иштөө жөндөмүн калыптандырат», — деди Альфия Насырова.

Анын айтымында, окуучуларда экологиялык жоопкерчиликти жана туруктуу ой жүгүртүүнү калыптандыруу — заманбап билим берүүнүн ажырагыс бөлүгү. Сабактарда жасалма интеллектти колдонууга да өзгөчө көңүл бурулат. Аны мугалимдер да, окуучулар да пайдалана алышат. Маселен, окуучуларга мектеп чөйрөсүнүн коопсуздук деңгээлин жасалма интеллекттин жардамы менен аныктоо боюнча тапшырма берилет.

Муну менен катар, жаңыланган программа мугалимдердин окутуу сааттарын кыскартпайт, тескерисинче, табигый илимдер багытындагы адистер — физик, химик, биолог, географтар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Себеби алар жаңыланган мазмун жана усулдар менен иштешет.

А.Насырованын айтымында, «Табият таануу» — табигый илимдерге даярдык сабагы.  «Сабактын курамына физика, химия, астрономия, биология жана географиянын элементтери кирет. Биз бул сабакты сактап гана тим болбостон, азыркы доордун талаптарына шайкеш, күчтүү, актуалдуу жана мазмундуу кылып жаңыртып жатабыз», — деп белгиледи А.Насырова.

Мындан тышкары, климаттын өзгөрүшү жана ага адаптациялоо маселелери да табият таануу сабагынын мазмунуна кошулду. Бул – туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүдө абдан маанилүү кадам.

Ошентип, жаңы окуу жылында Кыргызстандын мектептери заманбап, технологиялык жана экологиялык билим берүүгө карай дагы бир кадам ташташат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар